Түрк басма сөзү-28.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

920274
Түрк басма сөзү-28.02.2018

«Стар» гезити «Алжир менен миллиард долларлык келишимге кол коюлду» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия-Алжир ишкердик форумундагы сөз сүйлөөсүндө: «Алжирдин улуттук энергетика компаниясы «Сонатрач» менен Түркиянын алдыңкы фирмаларынан болгон «Ронесанс» жана «Байегандын» ортосунда Аданадагы эркин экономикалык аймакта 1 милллиард долларлык нефтехимия инвестициясы темасында келишимге кол коюлду»,-дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Түркиядан Чехияга нота» деген маалыматында Түркия, жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД-ЙПГнин корбашчыларынан Салих Мүслимди эркин кое берген Чехияга нота бергенин билдирген.  Алжирде жүргөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу журналисттерге бул тема тууралуу маалымат берди. ПЙД-ЙПГнын корбашчысынын Чехиянын соту тарабынан эркин кое берилгенине каршылык көрсөткөн Чавушоглу: «Чехияга нота бердик, бул иштин изин кууйбуз»,дегенин баяндаган.

«Ватан» гезити «Шимшектен экспортчуларга билдирүү» аттуу кабарында вице-премьер Мехмет Шимшек, Стамбулда жарманкенин ачылышындагы билдирүүсүндө: «Өкмөт катары сиздин жаныңыздабыз, ар кандай колдоо көрсөтүүгө даярбыз»,- дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Казакстан, түрк ишкерлерине 47 инвестиция долбоорун сунуштады» деген маалыматында Казакстан түркиялык ишкерлерге экономиканын ар кайсы тармактарында 47 инвестиция долбоорун сунуштаганын билдирген. Казакстандын премьер-министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Казак инвест улуттук инвестиция фирмасынын башкаруу кенңешинин төраагасы Сапарбек Туякбаевдин өткөн аптада Түркияга жасаган сапары убагында түрк ишкерлери менен жолугушканы белгиленди. Жолугушууда Туякбаевдин түрк ишкерлерине Казакстанда ар башка секторлордо 47 ири инвестиция долбоорун сунуштаганы билдирилди.

«Йени шафак» гезити «Дүйнөдө алгач ирет Түркияда сыналат» аттуу маалыматында Испанияда дүйнө гиганттары менен Түркиянын ортосунда абдан маанилүү келишимге кол коюлганын билдирген. Келишимге ылайык 5G жана жаңы муундагы байланыш технологиялары дүйнөдө биринчи жолу Түркияда сыналып, ишке ашырылмакчы.



Тектеш кабарлар