Түрк басма сөзү 27.02.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматар.

918963
Түрк басма сөзү 27.02.2018

 

«Сабах» гезити «Эрдоган : квота системасы соода карым  - катнаштарына тескери таасирин тийгизүүдө» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Алжир сапарынан мурда бул өлкөдө чыккан Еш – Шуоук гезитине күн тартиби тууралуу маалымат бергендигин жазган. Квота системасы менен импорттолгон продукцияларга  карата лицензия талаптарынын соода карым  - катнаштарына тескери таасир тийгизгендигин белгилеп, эки өлкөнүн соода жана инвестиция потенциалынан мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде мыкты пайдалануу үчүн бир топ көлөмү менен экономикалык карым  - катнаштардын келерки мезгилдерде дагы көп өнүгөрүн айтты.

«Ватан» гезити «Эрдоган Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү» деген маалыматына президент Р. Т. Эрдоган менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон телефондо Сириядагы акыркы абалдарды жана эки тараптуу карым – катнаштарды карап чыгышкандыгын жазган. Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу маалыматтарды бөлүшкөн  президент Эрдоган Африндин террордон тазаланышынын качкындардын Сирияга кайтышына да мүмкүнчүлүк болорун белгиледи.  

«Стар» гезити «Акар  террористтер жана террористтерди колдогон тышкы күчтөр жеңилүүгө учурайт» деген маалыматында башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар террористтер менен буларды колдогон тышкы күчтөрдүн жеңилүүгө учурай тургандыгын айтканын жазган. Башкы штабдын төргасы, армиянын генералы Хулуси Акар коштоосунда кургак жер күчтөрү командирлери менен бирге Хатайдагы түрдүү пункт жана бөлүктөрдө текшерүү жүргүздү. «Африндеги жана теги эмне болсо болсун, аймакка тыштан алып келинген бардык террористтер менен буларды колдогон тышкы күчтөр сөзсүз жеңилүүгө учурайт»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Корбинден Европа Биримдигинен кийинки мезгил үчүн Түркия мисалы» деген маалыматында Британиянын «Жумушчу» партиясынын лидери Жереми Корбин өлкөсүнүн Европа Биримдигинен бөлүнүшүнөн кийин Бажы Биримдигинде калышы керектигин айткандыгын жазган. Корбин Европа Биримдиги менен Түркия же Норвегия сыяктуу мамиле кура аларын белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Алты стадион курулат» деген кабарында жаштык жана спорт министрлиги жана  Массалык турак жай менен камсыз кылуу башкармалыгы ТОКИнин мүмкүнчүлүктөрү менен Анкара, Элазыг, Эрзинжан, Хаккари, Шырнак жана Эдирнеде курула турган стадиондор  футбол сүйүүчүлөрү үчүн кызмат кыларын жазган.



Тектеш кабарлар