Түрк басма сөзү-21.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

915320
Түрк басма сөзү-21.02.2018

«Сабах» гезити «Мүмкүнчүлүк бербейбиз, беделин оор төлөшөт» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдоган, Президенттиктин комплексинде Македониянын президенти Жорж Иванов менен жолуккандан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөргөнүн жазган. Афринге кирүүгө аракет кылган режимди колдогон террордук топторго байланыштуу президент Эрдоган: «Путин жана Рухани менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө, бул темаларда ансыз деле макулдаштык. Тилекке каршы ушул сыяктуу террордук уюмдардын кээде өздөрүнө жараша чыгарган чечимдер менен таштаган туура эмес кадамдар болот. Буларга албетте мүмкүнчүлүк бербейбиз. Мунун беделин оор төлөшөт»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Бир канча ыпылас соодалашуулар бар» деген маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Сирияда режим менен жикчил террордук уюм ПККнын бул өлкөдөгү уландысы ЙПГ/ПЙДнин ортосунда Африн аймагы темасында келишим түзүлгөндүгү жөнүндөгү айтымдарга: «Бул маалыматтардын пропаганда максаттуу экени анык. Бир канча жашыруун жана ыпылас соодалашуулар бар. Ким эмне кылса кылсын операция максатына жетет»,-дегенин билдирген.

«Ватан» гезити «Түркиядан үлгү алууда» аттуу макаласында Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос, Венесуэладан өлкөсүнө чубаган баш калкалоочуларды көзөмөлдөй алуу үчүн Түркияга делегациясын жибергенин айтканын баяндаган. Сантос  «Блю Радио» аттуу берүү органына берген маегинде Эл аралык жардам алууга даяр болгондорун билдирген. Сантос, качкындардын агымы тууралуу тажрыйбалары болбогонун, ушул себептен Түркия сыяктуу өлкөлөрдү үлгү кылып алгандарын айтты.

«Стар» гезити «Анталья үчүн 12 миллион турист күтүлүп жатат» аттуу маалыматында Жер ортолук деңиздин бермети Антальянын быйыл 12 миллион туристти күтүп жатканын билдирген. Акдеңиз Туристтик отелдер жана фирмалар биримдигинин (AKTOB) төрагасы Эркан Йагжы, дүйнө жүзүндө саякат кылган киши санынын 2017-жылда мурдагы жылга салыштырмалуу 7 пайызга өсүү болуп 1 миллиард 322 миллионго жеткенин айтты. Йагжы: «2018-жылы Антальяны күчтүү базар түзүлүшү күтүүүдө, олуттуу өсүүнү күтүүдөбүз. 2018-жылы Антальяда 12 миллион турист санына жете ала турганыбызды көздөөдөбүз»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Жыгач үйгө турист жаады» деген маалыматында Артвиндин Архавие райоунуна караштуу Кемеркөпрү айылында жашаган Осман Кабанын балалык чагынын кыялын орундатыш үчүн 3 жыл мурда жыгач үйдү чоң кызыгуу болгондуктан туристтерге ачканын маалымдаган. Орто эсеп менен 15 метрдик бактын сөңгөгүндө жерден 8 метр бийиктикте орун алган, ичинде даараткана, мончо жана ысык суусу болгон, 7 киши жашай алган жыгач үй, 8 бурчтуу, түстүү чатыры жана теңдешсиз пейзажы менен суктандырууда.



Тектеш кабарлар