Түрк басма сөзү 19.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

913226
Түрк басма сөзү 19.02.2018

«Стар» гезити «Эрдоган: жеңишке аз калды» деген маалыматында президент, АК партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдогандын, АК партиянын Афьонкарахисардагы кезектеги алтынчы курултайында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында уланып жаткан «Зайтун бутагы» операциясындагы чечкиндүүлүктү дагы бир жолу баса белгилегенин билдирген. Эрдоган: «Жераблуста, Раиде, Бабда болгону сыяктуу Афринде, Идлибде, Мүнбичте да жеңишке жетишебиз. Күн өткөн сайын жеңишке улам жакындап баратабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Йылдырым: бир дагы террорист калбайт» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым Анкарадагы билдирүүсүндө, терроризмге каршы күрөшүүнүн ийгиликтүү уланып жатканын белгилегенин жазган. Йылдырым: «Учурда арстандарыбыз, баатырларыбыз, Мехметтерибиз Афринде дастан жазууда. Өлкөнүн ичинде жана тышында террор толугу менен жок кылынганга дейре бул операциялар уланат, ким эмне десе да, бир дагы террорист калбайт»,-деди.

«Сабах» гезити «Чавушоглу: АКШ бул ирет берген убадасын орундатышы керек» аттуу макаласында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Сирияда ар кандай пландары болгон көптөгөн өлкөнүн бар экенине көңүл буруп жана ушул себептен сүйлөшүүлөрдү улантуулары керектигин айтканын жазган. Чавушоглу: «АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Түркияга сапарынан кийин айрым макулдашууларды түздүк. АКШ буларды орундатып, бул ирет убадасын аткарат деп ойлоймун»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Шимшек: «Казына биринчи 2 айда базар экономикасын жеңилдетти» деген маалыматында экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшек, өкмөттүн чара көрүүлөрүнүн да негизинде Казынанын быйылкы жылды ички карызды жөнгө салуу көрсөткүчүн 100 пайыздын астына түшүрүп жана базар экономикасын жеңилдетип баштаганын белгилеп: «Чет өлкөлүк инвесторлор биринчи 5 жумалык мезгилде 1,5 миллиард долларлык облигация сатып алышты»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Карста кышкы туризмге Чыгыш экспресси допинги» деген маалыматында Анкара менен Карстын ортосунда каттамдарды жүргүзгөн жана акыркы күндөрдө кызыгууну барган сайын арттырган Чыгыш экспресси менен аймакка келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер, туризмди жандандырганы сыяктуу Сарыкамыштагы Жыбылтепе лыжа базасында эс алуучулардын санын көбөйткөнүн билдирген.



Тектеш кабарлар