Түрк басма сөзү-15.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

911186
Түрк басма сөзү-15.02.2018

«Сабах» гезити «Премьер-министр Йылдырым; ПКК кыймылдарын Сирияга оодарды» аттуу маалыматында премьер-минитср Бинали Йылдырымдын Англиянын ВВС каналында түрк тилинде берилген маалыматында АКШнын террористтерди коргоого алганына басым жасап, «Түркиянын террор менен активдүү күрөшкөндүктөн террор уюму ПККнын Ирактын түндүгүндө эми жашоо аянты калган жок жана АКШ сыяктуу коргоочуга ээ болгону үчүн кыймылдарын Сирияга оодарды. Муну АКШлыктар да айтышууда» дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Боздагдын АКШга ПКК боюнча каршылык көрсөтүүсү; АКШ эч кимди алдай албай турганын билиши керек» аттуу маалыматында вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздагдын АКШнын террор уюмдары ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ темасында Түркияны алаксытуудан баш тартышы керектигин айтканын жазган. Бекир Боздаг, Твиттер барагынан бөлүшкөн маалыматында Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерге каршы жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын жыйынтыгында аймактын террордон тазалана турганын белгилеп, Африн аймагындагы күрт, түркмөн жана арабдардын террор уюмдарынын кысымы жана зулумдугунан куткарыла турганын, АКШнын ысым же көрнөгүн алмаштыруу менен террор уюмдарын жана террористтерди жашыра албай турганын, ушундай түрдө чындыкты жашыра албай турганын жана эч кимди алдай албай турганын билиши зарыл экенин айтты.

«Хабер түрк» гезити «Шимшек; Түркия жаңы инвестиция жүрүшүнүн башында» аттуу маалыматында экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшектин Газиантепте сүйлөгөн сөзүндө, «Инвестициялар темасында дүйнөдө акырындоо болуп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө улуттук кирешеге жараша төмөндөө бар. Түркия болсо жаңы инвестиция жүрүшүнүн башында»,дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити  «Түркиядан Иракка 5 миллиард доллардык насыя» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркиянын Ирактын кайрадан курулушу үчүн 5 миллиард доллардык насыя жеңилдиги камсыздала турганын айтканын жазган. «Ирактын кайрадан курулуусу» аттуу конференциясына катышканы барган Кувейтте маалымдоо жасаган Чавушоглу, түрк фирмаларынын Иракта милдеттенишкен жана бүткөргөн долбоорлорунун наркы 25 миллиард долларга жеткенин  эске салды. Чавушоглу: «5 миллиард долллардык насыя убадасын бердик. Ошондой эле түрдө 50 миллиард доллардык өнүгүү долбоорлору үчүн насыя берүү убадасын бердик»,-деди.

«Стар» гезити «Европалык туристтин тандаганы кайра Түркия» аттуу маалыматында Англиянын Саякат агенттиктери биримдигинин декабрь айынын акырында жарыялаган «2018-жылда саякат тренддери» аттуу отчетунда Түркиянын кайрадан эс алуучулардын көздөгөн тандоосу болгонун, жайкы мезгил үчүн резервациялар өткөн жылга салыштырмалуу 69 пайызга өсүү көрсөткөнүн белгилеген. Отчетто саякат фирмасы,  2018-жылы Түркия үчүн пакет турларын сатууларда жогорку өсүүнү каттады.



Тектеш кабарлар