Түрк басма сөзү-14.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

910463
Түрк басма сөзү-14.02.2018

«Сабах» гезити «Премьер-министр Йылдырым: Бул ирет катуу жарга урундуңуз» аттуу маалыматында Эрзинжанда элге кайрылган премьер-министр Бинали Йылдырымдын АКШнын террор уюму ЙПГга жардамдарына катуу каршы чыгып: «Бул иш ошончолук оңой эмес, бул ирет катуу жарга урундуңуз»,-дегенин баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Шимшек: Ири фирмалардын валюта карызын түзөтүү июнга дейре бүтөт» деген кабарында вице-премьер Мехмет Шимшек ири фирмаларды камтыгыдай валюта менен карыз болуу түзөтүүсүнүн июнга чейин бүтүрүлө турганын айтканын баяндаган. Блумбергге маалымат берген Шимшек, бир гана казына эсебиндеги өзгөртүүнүн болсо экономикалык кысымдан келип чыкпаганын белгилеп кетти.

«Стар» гезити «Түрк ишкерлери Суданда туризм шаарын курушат» деген маалыматында АК Партиянын Деңизлиден эл өкүлү Шахин Тиндин түрк ишкерлеринин Судандын Кызылдеңиз провинциясында туризм шаары курула турганын билдиргенин баяндаган. Кызылдеңиздин губернатору менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Порт Судан аймагына 10 миң киши жашай турган туризм шаарынын курулушуна чечим чыгарылды. Бул салына турган шаар Суданда алгачкы болуп саналат. Заманбап түрдө пландалат жана Судандын дүйнөгө таанытылышын камсыздайт. Планы, курулушу түрк архитекторлору жана инженерлери тарабынан камсыздалат. Орто эсеп менен 250 миллион доллардык инвестиция салынат.

«Хүррийет» гезити «Кризисти тоготуп койгон жок» деген маалыматында Германиядан Түркияга жайкы эс алуу үчүн жасалган резервациялар, жылдын башынан бери өткөн жылга салыштырмалуу 50 пайызга көп болгонун маалымдаган. Өткөн жылга караганда быйыл турист санынын дагы көп болушунун күтүлгөнүн баса белгилеген Берлин туризм кеңешчиси Хүсейин Гази Жошан Түркиянын Германия базарына кайра кайтканын белгиледи. Өткөн жылга караганда быйыл турист санынын дагы көп болушунун күтүлгөнүн баса белгилеген Жошан, Түркиянын Германия базарына кайра кайтканын белгиледи.



Тектеш кабарлар