Түрк басма сөзү 09.02.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

907097
Түрк басма сөзү 09.02.2018

«Стар» гезити «Эрдоган : булар көнүгүү кыймылдары» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын  Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында Сирия, Ирак жана башка аймактардагы жерлердин мекен жерлеринен айырмаланбагандыгын белгилеп : «Бир кылым мурда көз жашы менен кеткен бул жерлерди унутканыбызды ойлгондор жаңылышат.  Ушул кезге чейин жасагандарыбыз көнүгүү кыймылдары. Негизги кыймылдарыбызды алдыдагы мезгилдерде ишке ашырабыз», - дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Эрдоган Рухани менен сүйлөштү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Эрдоган менен Рухани Түркия менен Ирандын ортосунда террор менен күрөш жана коопсуздук темаларында кызматташтыктын арттырылышынын кубантуучу экендигин белгилешти. Эки лидер Сирия маселесиндеги акыркы абалдарга байланыштуу пикир алышууларда болушту.

«Йени шафак» гезити «Агбал өсүү болжолун билдирди» деген маалыматында финансы министри Нажи Агбалдын Түркия Улуттук Парламентинде өсүү болжолунан сөз кылып : «2017 – жылы көрүлгөн чаралардын таасири оң багытта улантылууда. 2018 -  жылы 5,5 пайыздык өсүү болжолубуз бар. Биринчи ортого чыккан сандар экономикадагы өсүү ылдамдыгынын улантылып жаткандыгын көрсөтүүдө. Инфляция түшө баштады»,- деди.

«Ватан» гезити «Англиядан Түркия билдирүүсү» деген маалыматында Түркиядагы Британия соода кабинетинин төрагасы Крис Гаунт түрк экономикасынын маанисине көңүлдөрдү бургандыгын жазган. Британиянын Европа Биримдигинен чыгышы жана Бажы биримдиги сүйлөшүүлөрүнөн кийин ыктымалдуу Эркин соода келишими үчүн биринчи ишти Түркия менен бирге башташкандарын белгилеген Гаунт : «Британия Бажы Биримдиги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Түркия менен күчтүү бир эркин соода келишимин сүйлөшүүгө даяр жана каалап жатат. Ушундайча Түркиянын өсүү потенциалынан түзүлө турган мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбаган болобуз. Британия өкмөтү карым  - катнаштарды дагы түшүмдүү абалга алып келүү максатында өткөн жылы керек болсо министрлик деңгээлде керек болсо иш дүйнөсүнүн алкагында Түркияда бир топ жолугушууларды өткөрдү»,- деди.



Тектеш кабарлар