Түрк басма сөзү 7.02.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

905199
Түрк басма сөзү  7.02.2018

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: Мүнбичке барабыз» деген макаласында президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөгөндүгүн жазган. Президент Эрдоган «Зайтун бутагы» операциясынын ийгилигин баса белгилеп Мүнбичтин да террордон тазаланарын айтты. Эрдоган : «Биз Мүнбичке жерлерин негизги тургундарына алып берүү үчүн келебиз»,- деди.

«Стар» гезити «Чавушоглу : АКШдан бир гана каалообуз террорду колдошпосун жана көлөкө түшүрбөсүн» деген маалыматында тышкы иштер министр Мевлют Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында берген маалыматында түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жүрүп жаткан «Зайтун бутагы» операциясы тууралуу : «ПКК/ЙПГ террордук уюмуна каршы операция баштасак террорго каршы операция баштабагыла деп айта албастан, жарандар аркылуу бул кыймылды маанисиз абалга алып келүүгө аракет кылышууда же ошол каналдан сынга алууга аракет кылышууда. Биздин АКШдан каалообуз ансыз да белгилүү. Бул террордук уюмга жардам берүүнү токтотушсун, курал беришпесин, көлөкө түшүрүшпөсүн»,- деди.

«Сабах» гезити «АКШдан Түркияга эки орчундуу сапар» деген маалыматында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жана улуттук коопсуздук кеңешчиси Х. Р. Mакмастердин Түркияга келерин жазган. Тиллерсон менен Макмастер келерки күндөрдө Түркияда кесиптештери менен жолугушат.

«Хабер түрк» гезити «Дүйнөлүк тизмеде биринчи ондобуз» деген маалыматында Түркия 564, 8 тонналык алтын резерви менен Индияны ашып өтүп, дүйнөлүк алтын резервин тизмелөөдө биринчи онго киргендигин жазган. Дүйнөлүк алтын кеңешинин маалыматтарына караганда 2018 – жылы февраль айынан баштап 8 миң 133 тонна алтын резерви болгон АКШ биринчи орундагы ордун сактап турат. АКШдан кийин 3 миң 373 тонна менен Германия, 2 миң 451 тонна менен Италия келүүдө.

«Ватан» гезити «Баскетбол перилеринин атаандаштары белгилүү болду» деген маалыматында А улуттук аялдар баскетбол командасынын 2018 ФИБА дүйнөлүк кубогундагы атаандаштарынын белгилүү болгондугун жазган. Чемпиондукту өткөрө турган Испаниянын Тенерифе шаарындагы чүчү кулак тартууда Түркия Б группасында  Австралия, Аргентина жана Нигерия менен бирдикте орун алды. 20 – 30 – сентябрда өткөрүлө турган чемпиондукта группаларында биринчи санды алган командалар түздөн түз чейрек финалга чыгат.



Тектеш кабарлар