Түрк басма сөзү 5.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

903604
Түрк басма сөзү 5.02.2018

«Ватан» гезити «Ватиканга Президенттик деңгээлдеги экинчи сапар» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Ватиканга расмий сапар менен барганын билдирген. Папа Франциск менен жолуга турган Эрдоган, Римде Италиянын президенти Серхио Матарелла менен кезигет. Эрдоган 59 жылдан кийин Ватиканга барган экинчи президент болот. Жолугушууларда Түркия-Ватикан карым-катнаштары, Кудуска байланыштуу жагдай, аймактык маселелер, Сирияда болуп жаткан адамзаттык абал, терроризм, чет өлкөлөлүктөргө жана Исламга карай душмандыкка каршы күрөшүү сыяктуу темалар каралмакчы.

«Сабах» гезити «Премьер-министр Йылдырымдын Хатай жана Килис тууралуу билдирүүсү» деген макаласында премьер-министр Бинали Йылдырым, «Зайтун бутагы» операциясы башталгандан бери Хатайга 60, Килиске 34 болуп жалпы 94 снаряд атылганын, 7 жарандын шейит болгонун, 113 кишинин да жаракат алганын айтканын жазган. Йылдырым кечээ Килис губернаторлугуна сапары убагында айткан билдирүүсүндө, 20-январда башталган операциянын пландалгандай ийгиликтүү уланганын белгилеп: «Түрк куралдуу күчтөрү белгиленген 538 бутаны талкалап, 935 террористти жок кылышты»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Террорист кийимин кийгенге ок атылат» деген маалыматында өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг Түркиянын баштата турган үчүнчү операциянын Мүнбичке болоорун айтканын билдирген. Боздаг: «Эгерде АКШлык аскерлер террористтердин кийимин кийип жана террористтердин арасына кошулуп Түрк куралдуу күчтөрүнө каршы кол салышса эч нерсеге карабастан ок атылат бул жерде айырмалоо мүмкүнчүлүгүбүз болбойт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түрк автоунаа өнөр жайында рекорддук өндүрүш» деген маалыматында Түркияда өткөн жылы 2016-жылга салыштырмалуу жалпы автоунаа өндүрүшү 13 пайыз өсүп 1 миллион 674 миңге, унаа өндүрүү болсо 18 пайыздык өсүү менен 1 миллион 121 миңге жеткенин билдирген.  

«Хүррийет» гезити «Эки түрк дүйнөгө үмүт болду» деген макаласында Германияда жашаган проф. др. Угур Шахин менен жубайы др. Өзлем Түренжинин көптөгөн жылдардан бери ракка каршы жүргүзүшкөн изилдөөсү бүткүл дүйнөнүн жаңы үмүтү болгонун билдирген. Проф.др. Шахин менен др. Түренжи, өтө күчөп кеткен рак менен жабыркаган 13 оорулууда рактын кайрадан кайталанышын маанилүү өлчөмдө азайтты. Рак менен ооруган 1 кишиде рак толугу менен жок болду. 1 оорулууда шишик азайды. 2 оорулууда болсо жайылуу токтотулду.



Тектеш кабарлар