Түрк басма сөзү-1.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

901363
Түрк басма сөзү-1.02.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган, Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Сүйлөшүүдө Орусиянын Сочи шаарында өткөн Улуттук диалог конгресси, Сириянын Африн аймагындагы террористтерге карай «Зайтун бутагы» кыймылы жана Идлиб менен катар Сирия тууралуу акыркы абалдар туурасында пикир алмашылып, эки тараптуу карым-катнаштарга да токтолушту.

«Йени шафак» гезити «Президенттиктин басма сөз катчысы Калын: Курчоо тарып баратат» аттуу маалыматында президенттиктин басма сөз катысы Ибрахим Калындын Афринде улантылган «Зайтун бутагы» кыймылы үчүн «башкы максатыбыз Сириянын территориясын террор элементтеринен тазалоо. 700дөн ашуун террорист жок кылынды. Кахраман аскерлерибиз чоң күрөш жүргүзүүдө. Жикчил террор уюму үчүн курчоо тарып баратат»,-дегенин баяндаган.

«Стар» гезити «Премьер-министр Йылдырымдан Макронго Африн жообу; Франциянын ойлору бузук» аттуу маалыматында расмий сапардын алкагында бир канча жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келген Ливандын премьер-министри Саад Харири менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн өкмөт башчы Бинали Йылдырым, Африн үчүн «Басып алуу кыймылына айланбасын» деген франциянын президенти Эммануэль Макронго жооп берип, «Түркиянын кескин түрдө басып алуу оюу менен кыймыл кылбаганын бүткүл дүйнө билет, билиши керек. «Евфрат калканын» карасак муну көрөбүз. Франциянын оюу бузук»,-деди.

«Ватан» гезити «Тунжелиде Ортоңку кылымга таандык пифос табылды» аттуу маалыматында тунжели облусунун Жандармерия командирлигина караштуу  топтор тарабынан, террор менен күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлө турган операцияда, Орто кылым дооруна таандык экени божомолдонгон орто эсеп менен 1500 жылдык, «пифос» делген дан кубу табылып, Тунжелинин маданият директорлугуна тапшырылды.

«Хабер түрк» гезити «2017-жылдын көрсөткүчтөрү туризмчини быйыл үчүн үмүттөндүрдү» деген маалыматында Түркиянын Статистика мекемеси жарыялаган 2017-жылдын туризм статистикаларында көрүнгөн туризм кирешелери жана келгендердин санындагы өсүү, туризмчилерди быйылкы жыл үчүн үмүттөндүрдү. Түркиянын Статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда Түркиянын туризм кирешеси, 2017-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу 18,9 пайызга артып 26 миллиард 283 миллион 656 миң долларга жогорулады.



Тектеш кабарлар