Түрк басма сөзү  31.01.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

900399
Түрк басма сөзү  31.01.2018

«Хүррийет» гезити «Президент Эркин Срия Армиясы кудум Кувайы Миллийе сыяктуу» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын фракция жыйынында сүйлөгөн сөзүндө : «Сирия Эркин Армиясы өз мекенин коргоо үчүн уюмдашкан, биз да колдогон, кудум Боштондук согушундагы Кувайы Миллийе күчтөрү сыяктуу жарандык уюм»,- деди.

«Сабах» гезити «Тышкы иштер министри Чавушоглу орус кесиптеши Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн, сүйлөшүүдө Сириянын Африн аймагындагы террористтерге карата башталган «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу акыркы абалдар каралды. Министрлер айрыкча Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлө турган Сирия саммитине карата пикир алышууларда болушту.

«Стар» гезити «Түрк куралдуу күчтөрүнөн африндиктерге 3 тилде биримдикке чакыруу» деген маалыматында түрк куралдуу күчтөрү Эркин Сирия Армиясынын жардамы менен 20 -  январдан бери Афринде жүргүзүп жаткан  «Зайтун бутагы»  операциясынын негизинде аймак калкына карата түркчө, арапча жана күртчө даярдалган билдирүүлөрдү абадан таркатты. Түрк куралдуу күчтөрүнүн элге ПКК/ПЙД жана ДЕАШ террордук уюмдарына каршы бирдикте күрөшүүгө чакырган билдирүүдө : «Африн африндиктердики»,- деп жазылган.

«Ватан» гезити «Антальяга келген турист санында 12 пайыздык өсүү бар» деген маалыматында Анталья аэропортунун жарандык башкаруусунун берген маалыматына ылайык өткөн жылы Анталья аэропортунун арачылыгы менен 9 миллион 738 миң, Газипаша аэропорту менен бирге 10 миллион 486 миң чет элдик турист келген Атнальяда туризмде 2018 -  жылы да мыкты башталгыч болгондугун билдирген. Январь айында Анталья эаропортунун арачылыгы менен келген турист саны 29 -  январдан баштап 92 миң 413 миңге жетти. Өткөн жылы ушул эле мезгилде 82 миң 840 болгон турист санындагы өсүү катнашы 12 пайыз болду. Өткөн жылдын январь айында 2 миң 850 болгон күнүмдүк турист ортоломосу бул жылы 3 миң 200 кишиге жети.

«Йени шафак» гезити «Битлисте 1 миллион долларлык күн энергиясы станциясы» деген темада берген маалыматында Битлистин Татван районунда Немрут тоосунун этегиндеги 20 гектардык аянтка курула турган станция үчүн тендер болгондугун жазган. Татван муниципалитет башчысы Феттах Аксой журналисттерге берген маалыматында райондо эми күн энергиясын өндүрүүгө өтүлөрүн айтты.



Тектеш кабарлар