Түрк басма сөзү 29.01.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

899086
Түрк басма сөзү 29.01.2018

«Хүррийет» гезити «Африн жолу ачылды» аттуу маалыматында «Зайтун бутагы» операциясынын маанилүү жерлеринин бири болгон Бурсея тоосу кечээ террористтерден толугу менен тазаланып, Африн жолунун да ачылганын билдирген. Бурсеяда аскерлер түрк желегин желбиретишти. Түрк куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө 73ү кечээ болуп операция башталгандан бери жалпы 557 террористтин жок кылынганы белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Боздаг АКШга каршылык көрсөттү» деген маалыматында вице-премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг, АКШнын террор тууралуу билдирүүлөрүнө каршылык көрсөтүп: «Мындан кийин Түркия убадалар менен бирге аткарып- аткарбаганын карап чыгат. Ушул учурга чейин тилекке каршы АКШнын жооптуу кызматкерлеринин Түркияга берген убадалары менен аянттагы ишке ашыруулары бири-бирине дал келген жок. АКШлык жооптуу кызматкерлер бул жердеги бардык пландарын, уюштурууларын жойбосо бул пландарды биз жоебуз»,-дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Валюта рискин башкарууда кезек дөө-шааларда» аттуу маалыматында экономика боюнча жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшектин чакан жана орто көлөмдөгү фирмаларга карай чара көрүүлөрдөн кийин валюта рискин башкарууга багытталган иш-аракеттердин экинчи баскычын чоң көлөмдөгү фирмалар түзгөнүн белгилеп, «15 миллион доллардан ашык валюта карызы болгон 2 миң 118 фирма үчүн маалыматтар базасын жана тартипке салуу иштерин үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында бүтүрөбүз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Түркияда акысыз такси» аттуу маалыматында климаттык өзгөрүүгө каршы күрөшүү жана жарандарды велосипед колдонууга үндөө максатында Түркияда биринчи жолу электрдүү велосипеддер 8 ай бою жарандарга акысыз кызмат көрсөтө турганын билдирген.

«Ватан» гезити «Күндүн нуру долбоору аркылуу 700 балага билим берүү мүмкүнчүлүгү» деген маалыматында Түрк Телеком жана Тоскоолдуксуз жашоо коому жүргүзгөн «Күндүн нуру» долбоору 700 балага үмүт болсо, долбоордун алкагында 2018-жылы дагы 200 окуучуга билим берилиши максатталганын билдирген. Маалымдалгандай Түрк Телеком, көрүү жөндөмдүүлүгү начар балдарга ушул долбоор аркылуу колдоо көрсөтүүсүн улантып жатат.



Тектеш кабарлар