Түрк басма сөзү 26.01.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

897742
Түрк басма сөзү 26.01.2018

«Хабер түрк» гезити «Башкы командир Африн чек арасында : «Тарых куруп жатасыңар» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын Африн чек арасындагы Хатайда Зайтун бутагы операциясынын борборуна баргандыгын билдирген. Каарман аскерлерге кайрылган Эрдоган : «Силер  азыркы учурда таштаган кадамыңар  менен  элибиз үчүн жаңыдан тарых жаратып жатасыңар»,- деди. Операциянын жыйынтык чыкканга чейин улантыларын белгилеген президент Түркиянын эч бир өлкөнүн жерине көз тикпегендигин белгилеп : «Африн террордон тазалангандан кийин тургундарына тапшырылат. Операция Түркиядагы сириялыктардын өлкөсүнө кайтышын да ылдамдатат»,- деди.  

«Хүррийет» гезити «Операцияда 300дөн ашуун террорист өлтүрүлдү» деген маалыматында премьер – министр Бинали Йылдырым Зайтун бутагы операциясында 300дөн ашуун террористтин өлтүрүлгөндүгүн билдиргенин жазган. Анкарада Түркия орток төлөм платформасынын кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн премьер  - министр Йылдырым : «Операциянын экономикабызга эч кандай таасири болбойт. Бул мыйзамдуу операция, өзүңөргө ишенсеңер Мехметчиктин алдына чыккыла»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүү чечимин эч ким териштире албайт» деген кабарында террор менен күрөшүү тууралуу жүргүзүлгөн иштерге байланыштуу маалымат берген вице  - премьер Бекир Боздаг : «Түркиянын ДАИШ террору менен күрөшүү   аракети менен чечимин эч ким териштире албайт»,- деди. Боздаг «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу  : «Бул террордук уюмдар толугу менен жок болгонго чейин  «Зайтун бутагы» операциясы улантылат»,- деди.

«Ватан» гезити «Министр Челик Европа Биримдиги үчүн күн берди» деген маалыматында Европа Биримдиги министри Өмер Челик жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде маалымат берди. Челик : «Түркиянын Афринде жүргүзгөн операциясы мыйзамдуулугу жогору операция. Бардык союздаштарыбызга маалымат бердик. Адамзаттык абал тууралуу чаралар көрүлдү»,- деди.  Европа Биримдиги – Түркия карым  - катнаштарына да токтолгон министр Челик Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы саммиттин март айында өткөрүлө аларын, Түркиянын саммитке даяр экендигин айтты.

«Сабах» гезити «Индекс 120 миңден ашты» деген маалыматында Зайтун бутагы операциясын шылтоолоп кризис жаратуу аракеттерине мүмкүнчүлүк бербеген базалар рекордго жетишип, каржоочудан кийин реалдуу сектордо да ылдам артуу улантылып жаткандыгын жазган.  Африн операциясы башталган күндөн бери жогорулоосун улантып жаткан Биржа Стамбул кечээ тарыхый рекордго кол койду. Индекс кечээ да жогорулашын улантып 120 миң 320 балл менен тарыхынын эң жогорку деңгээлине жетти. Индекс күндү экинчи сеанстагы сатуулар менен 118 миң 604 балл менен аяктады.



Тектеш кабарлар