Түрк басма сөзү-25.01.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскаыа маалыматтар.

896839
Түрк басма сөзү-25.01.2018

«Ватан» гезити «ЙПГны колдоону токтоткула» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, эки айдан кийин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн АКШнын президенти Дональд Трамп менен кечээ орчундуу телефон сүйлөшүүсүн өткөргөнүн жазган. Трамптын телефон чалуусу менен ишке ашкан сүйлөшүүдө Эрдоган, АКШга курал сындоосун айтты. Террор менен күрөшүүдө эки тараптуу кызматташтыктын маанисине токтолгон Эрдоган: «Террор менен күрөшүүнүн алкагында ПЙД/ЙПГга АКШнын курал колдоосун токтотуусу керек»,деген маалымат берилди.

«Хүррийет» гезити «Чек араны бойлой коопсуз тилке» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун өзүнө Сириянын чек арасын бойлой 30 чакрымдык коопсуз тилке куруу сунушун калганын айтканын жазган. Чавушоглу, Тиллерсондун: «Чындыгында биздин оюбузда 10 чакырымдык ичкериси бар эле. Бирок көрүнүп тургандай сиздин коопсуздук санааркоолоруңуздун жоюлушу үчүн мунун 30 км болушу керек. Башынан аягына чейин коопсуз тилке болсун, террордук кол салуулар сизге келбесин. Коопсуз тилке менен айтып жатканыбыз ушул»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «287 террорист жок кылынды» аттуу маалыматында Башкы штаб төрагалыгы Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» кыймылында кечээ 47 бута атылганын жана жок кылынган террорист санынын 287 киши болгонун жарыялаганын жазган.

«Сабах» гезити «Премьер-министр Йылдырым: «Зайтун бутагы» кыймылы пландалганындай уланууда» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым, Чанкая сарайында Нигериянын премьер-министри Бриги Рафинири менен жолукканын жазган. Жолугушуудан кийин премьер-министр Йылдырым: «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу, «Ушул убакка дейре пландалганы сыяктуу операция уланууда. Бул аймакта тазалоо иштери улантылууда»,деди. Террордун ар түрдүүсүнө каршы аесуз күрөш жүргүзгөндөрүн айткан Йылдырым, «Зайтун бутагы» кыймылынын максатынын, Сириянын жеринин бүтүндүгүн камсыздоо, аймакта террор түзүлүштөрүн соңуна чыгаруу, ал жерде жашаган күрт, араб жана түркмөндөргө багытталган зулумдукту жоюу болгонун белгиледи.

«Стар» гезити «Зайтун бутагы кыймлынын ийгиликтери рынокту жеңилдетүүдө» аттуу маалыматында Африндеги «Зайтун бутагы» кыймылы Түркиянын экономикасында оң атмосфераны жаратууда экенин маалымдаган. Каржы министри Нажи Агбал, «Операция максатына жеткидей түрдө илгерилөөдө, булар келип чыккан сайын экономикага байланыштуу күтүүлөргө оң багытта таасир берүүдө»,дегенин жазган. Кыймы башталгандан бери абдан ийгиликтүү өтүшү жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн Афринге жол алышынан кийин, Биржа Стамбул (BİST) рекорддун үстүнө рекордго жетишти. Мурдагы күнү 118,955 баллга жогорулап, рекордго жетишкен Стамбул биржасы кечээ да 119.000 баллдын үстүнө чыгып жаңы рекордго жетишти. Доллар болсо түрк лирасына карата кунун жоготууда.



Тектеш кабарлар