Түрк басма сөзү 24.01.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

896157
Түрк басма сөзү 24.01.2018

«Стар» гезити «Чечкиндүүбүз, жеңип чыгабыз» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД/ ЙПГ жана ДАИШ террористтери менен күрөшүү үчүн барган, дос жана бир тууган аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн баштаткан «Зейтин далы» кыймылында шейит болгон каарман старшинанын жаназа зыйнатына катышкандыгын жазган. Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «Бул эл өз киндигин өзү кесет. Төрт – беш тексизге бул жерде дем тарттырбайбыз»,- деди. Президент : «Бул операцияны Эркин Сирия Армиясы менен бирге жеңишке жетишүү менен аяктайбыз. Буга толугу менен ишенебиз, чечкиндүү жана ынталуубуз»,- деди.

«Ватан» гезити «Бүгүн Трамп менен сүйлөшөт» деген маалыматында Бештепеде кечээ коопсуздук жыйынын чогулткан президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамптан келген талап боюнча бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрөрүн билдирген. Эрдоган кечээ оболу француз кесиптеши Эммануэль Макрон андан кийин Орусиянын президенти В. Путин менен сүйлөштү. «Максат Афринди террордон тазалоо»,- деди.

«Хүррйиет» гезити «Террор коридору баштарына балээ болот» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырым борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Мамлекеттик мактоо медалы жана Бераты Тевжихинде Түркиянын террордук уюмдар менен күрөшүүсүн үзгүлтүксүз улантарын белгиледи. Премьер  - министр Сириянын Африн аймагындагы «Зейтин далы» кыймылын акыркы террорист жок болгонго чейин улантыларын айтып : «Террор коридору баштарына балээ болот»,- деди.

«Сабах» гезити  «ПКК/ПЙД буктумалары атылып, 260 террорист өлтүрүлдү» деген маалыматында түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ жана ДАИШке таандык террористтерди таасирсиз абалга алып келүү, дос жана бир тууган аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн баштаган «Зейтин далы»  кыймылында  үч фронттон алдыга жылган түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясы маанилүү жерлерди колго алды. Өмер Ушагы айылында текшерүү колго алынды. Төрт күндө 260 террорист өлтүрүлү.

«Хабер түрк» гезити «Бештепеде кыймыл сөз болууда» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын комплекстеги «Мамлекеттик маалымат координация борборун» биринчи жолу аскердик максатта Сириянын Африн аймагындагы «Зейтин далы» кыймылындагы акыркы абалды карап чыгуу үчүн колдонгондугун жазган. Кризис жана согуш аянттарында мамлекеттин жогорку кызматкерлеринин кыймыл бөлмөсү катары пландалган борбор болот менен бекемделген бетондон курулган. Борбордун 10 миң килограмм бомбага, химиялык жана ядролук кол салууга чыдамдуу экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар