Түрк басма сөзү 22.01.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

893986
Түрк басма сөзү 22.01.2018

«Хабер түрк» гезити «Жеңишке аз калды» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдоган, Сириядагы Афринди террордон тазалоо үчүн жүргүзүлүп жаткан «Зейтин далы» операциясынын эң кыска мөөнөттүн ичинде аяктаарына ишенгенин белгилеп: «Жеңишке аз калды»,-дедегинин билдирген. Эрдоган: «Капыстан бир түнү сокку урдук. Алар качат биз кубалайбыз»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Тайманбастар Афринде» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым түрк аскерлеринин кечээ саат 11.05те Гүлбаба жергесинен чек араны ашып өткөндөрүн билдирип, «Зейтин далы» операциясы тууралуу маанилүү маалыматтарды бергенин жазган. Аймакта 8-10 миң террористтин бар экенин баса белгилеген Йыдырым, операциянын 4 баскыч боюнча жүргүзүлө турганын айтты.

«Йени шафак» гезити «Башкы штаб чек арада» деген маалыматында башкы штабдын төрагасы армия генералы Хули Акар, күч командирлери менен бирге Хатайга барып «Зейтин далы» операциясына катышкан бөлүктөрдү иликтегенин билдирген. Аскерлерге маалымат берген Акар: «Аскерлерибиз карапайым тургундардын зыян тартпашы үчүн ар түрдүү сезимталдыкты көрсөтүшөт»,-деди.

«Стар» гезити «153 бута жок кылынды» аттуу макаласында Афринди террордон тазалоо үчүн жүргүзүлгөн «Зейтин далы» операциясынын биринчи эки күнүндө абадан жана кургактыктан жалпы 153 ПЙД жана ДЕАШ бутасы бомбаланганын билдирген. Түрк куралдуу күчтөрү, бир гана террористер бутага алынган операциянын пландалгандай түрдө уланып жатканын маалымдады.

«Ватан» гезити «Жергиликтүү учкучсуз учактар биринчи жолу Афринде кызмат өтөп жатышат» деген маалыматында Түрк куралуу күчтөрүнүн Африндеги террордук уюмдар ПКК/ПЙДге карай баштатылган «Зейтин далы» операциясында биринчи жолу жаңы өндүрүлгөн технологиялар менен улуттук учкучсуз учактар да кызмат өтөп жатканын билдирген. Аскерлер террордук уюктарды бир-бирден жок кылып жатса, террористтер кача турганга жер издеп жатышат.



Тектеш кабарлар