Түрк басма сөзү 19.01.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

891849
Түрк басма сөзү  19.01.2018

«Сабах» гезити «АКШ эмне кыларын билбей калды бирок биздин аткара турган кыймылыбыз так» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын АКШдан Түркиянын чек арасында террордук армия куруу тууралуу билдирүүлөрүнө каршы чыккандыгын жазган. Бинали Йылдырым контрабанда жана уюмдашкан кылмыштар менен күрөш мекемесинин жетекчилигинде  облустук коопсуздук директорлорунун жыйынында  сөз сүйлөп : «Үч күндөн бери бири биринин артынан билдирүүлөр келип жатат. Булар эмне кылуунун айласын таппагандыкты билдирет, бирок Түркиянын чечкиндүүлүгү ачык жана так»,- деп террор армиясына эч качан уруксат беришпей тургандарын кайталады.

«Хүррийет» гезити «Президенттиктен Африн тууралуу маалымат» деген кабарында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудура турган абалдарга каршы бардык чараларды көрүүнү улантарын айткандыгын жазган. Ибрахим Калын Стамбулда жакындап келе жаткан Африн операциясына байланыштуу күн тартибиндеги суроолорго жооп берди. Калын АКШдан келген «ЙПГ армиясы жок» деген билдирүүгө : «Бул процессти иликтейбиз»,- деп жооп берди. Калын  : «Африн маселеси биздин улуттук коопсуздугубуз менен байланыштуу маселе. Америкалыктардын же башкалардын берген билдирүүсүнөн башка Түркиянын улуттук коопсуздук жана биздин чечим механизмдерибиз үчүн алдыңкылык берилген маселе»,- деди.

«Ватан» гезити «Орусия Түркиянын бекитүүсүн күтүп жатат» деген маалыматында Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов айдын акырында Сочиде боло турган Сирия улуттук диалог конгрессине чакырылгандар тизмесинин даярдалгандыгын жана Түркиянын бекитүүсүн күтүп жатышкандарын айтканын жазган. Богданов : «Түрк жана ирандык өнөктөштөрүбүз менен чакырылгандар тизмесин бир жолу карап чыгып, сириялык катышуучуларга чакырууну дароо тарката баштайбыз деп ойлойбуз»,- деди.

«Стар» гезити «Дүйнөнүн көзү түрк СОМунда» деген маалыматында түрдүү өлкө тышы коргонуу жарманкелеринде эл аралык деңгээлде көргөзмөлөрдө кызыгууларды тарткан СОМ ракетасын  өнүктүрүү эмгектеринин улантылып жаткандыгын жазган. Түрк аба күчтөрү үчүн СОМду чыгарган РОКЕТСАН фирмасы АКШга бул продукциянын экспорттоло аларын билдиргенин маалымдаган. Азербайжан да СОМ -  А ракетасына кызыгууда.

«Хабер түрк» гезити «Жергиликтүү автомобилге Катар да инвестиция салат» деген маалыматында Катар соода кабинетинин төрагасынан жергиликтүү автомобиль тууралуу маалымат келгендигин билдирген. Түрктөр менен бирге иштей тургандарын билдирген Катар соода кабинетинин төрагасы Шейх Халифе бин Жасым Ел Сани : «Катар бир түрк фирмасы аркылуу Түркиянын автомобиль индустриясына инвестиция салат. Бул Катардын да акциясынын бар экендигин жана бул чоң проектини ишке ашыруу үчүн башка түрк инвесторлор менен бирге иштеген менчик бир фирма»,- деди.



Тектеш кабарлар