Түрк басма сөзү 15.01.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

888291
Түрк басма сөзү 15.01.2018

«Сабах» гезити «Түркия АКШнын ЙПГ чечимине каршылык көрсөттү» деген макаласында Түркия АКШнын чуулгандуу чечимине катуу каршылык көрсөткөнүн билдирген. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «АКШнын ЙПГ кадамы кабыл алынгыс»,-делди. Тышкы иштер министрлиги: «АКШнын убадалары жана баяндоолору менен карама-каршы келген түрдө ПЙД/ЙПГ менен кызматташтыгын улантып, биздин улуттук коопсуздугубузду жана Сириянын жеринин бүтүндүгүн коркунучка салган ушул сыяктуу кадамдары эч качан кабыл алынбайт. Бул туура эмес мамилесинде көөшөрүшүн айыптап, Түркиянын өз өлкөсүнө карай багыттала турган ар түрдүү коркунучту жок кылууга чечкиндүү экенин жана буга күчү жете турганын дагы бир жолу эске салабыз»,-деп билдирди.

«Йени шафак» гезити «Килемчилердин максаты Америка рыногу» деген маалыматында Түркиянын эң маанилүү килем чыгаруу борборлорунан Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагындагы өндүрүүчүлөр, өткөн жылы 367 миллион 733 миллион долларлык экспорт кылышкан Америка рыногунда быйыл экспорттоосун арттырууну максаттап жаткандарын билдирген. Түштүк-Чыгыш Анадолу килем экспортчулары биримдиги 2016-жылы 1 миллиард 285 миллион 470 миң доллар болгон экспорттун көлөмүн, 2017-жылы 11,9 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 438 миллион 294 миң долларга жеткирди.

«Хабер түрк» гезити «Эрте брондоодо максат 6 миллион жергиликтүү турист» аттуу маалыматында Түркия саякат агенттиктери биримдигинин жетекчиси Башаран Улусой, эрте брондоо көнүмүшүндөгү өсүү аркылуу өткөн жылы 5 миллион деңгээлине жеткиргендерин белгилеп: «Күтүүбүз 2018-жылы эрте брондоонун алкагында эс алууга чыккан жарандарыбыздын санын 6 миллионго жеткирүү»,-деди.

«Сабах» гезити «Чет элдиктердин кышкы туризмге кызыгуусу артты» деген маалыматында кышкы туризмде жаңы сезондун 1-декабрда башталганын билдирген. Туризм министрлигинин акыркы 3 жылдан бери кышкы туризмдеги жанданууну арттыруу үчүн жүргүзгөн таанытуу иштери натыйжа бере баштады. Быйыл Орусиядан Кайсери жана Эрзурумга чартердик каттамдар башталса, ирандык жана жакынкы чыгыштык туристтердин да кышкы туризмге кызыгуусу артты. Сезонду 1-декабрда ачкан отелдер, февраль айына жетпей 80 пайыз толуп калды.

«Ватан» гезити «Демир чиркөөгө зыяратчылар келе баштады» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдоган, Болгариянын премьер-министри Бойко Барисов менен көп сандаган түрк жана болгариялык жетекчилердин катышуусунда өткөн жекшемби күнү ибадатка ачылган, Халичтеги Демир чиркөө деп билинген Свети Стефан чиркөөсүнө зыяратчылардын чоң кызыгуу көрсөтүп жаткандарын билдирген. Болгариядан саякат турлары аркылуу келген топтор менен Стамбулдагы жергиликтүү жана чет элдик туристтер, Демир чиркөөдө ибадат кылып бир жагынан да тарыхый жайларды кыдырышып жатышат.



Тектеш кабарлар