Түрк басма сөзү 12.01.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

886835
Түрк басма сөзү 12.01.2018

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган Түндүк Сирияда мамлекет курууну каалагандар куру жалак калат» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган президенттик комплексинде өткөрүлгөн 43 -  акимдер жыйынында сөз сүйлөгөндүгүн билдирген. Бул жерде Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү абалдар тууралуу : «Азыркы учурда Түндүк Сирияда террор коридорун түзүүнү каалагандар  бар, алардын баары Мисак – ы Миллинин ичинде орун алган жерлер болгон. Бул жерлердеги жоопкерчиликтерибизди унутпагыла. Ошондуктан ал жерлерде мамлекет курам деген жана башка кыймылда болгондор куру жалак калат»,- деди.

«Сабах» гезити «Эрдоган менен Меркель жолугушат» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу президент Р. Т. Эрдогандын Германияда өкмөт курулгандан кийин канцлер Ангела Меркель менен жолугушууну каалагандыгын айтканын жазган. Антальяда немис журналисттердин суроолоруна жооп берген тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу президент Эрдогандын канцлер Меркелди чакырарын же Эрдогандын Германияга сапар менен барарын айтты.

«Стар» гезити «Европа Биримдиги Түркия менен карым  - катнаштарын жакшыртуусу керек» деген кабарында Болгариянын премьер  - министри Бойко Борисов Европа Биримдиги Кеңешинин алты айлык кезектешкен башкаруучулугунда Түркия менен карым – катнаштардын жакшыртылышы үчүн көп иштөөнү каалашкандарын белгилеп : «Европа Биримдигинин Түркия менен карым  - катнаштарынын жакшыртылышы жана бул үчүн аракет кылышы керек»,- дегенин билдирген. Борисов  Түркиянын көпчүлүгү Европа Биримдиги өлкөсүнүн жактоочусу болгон НАТОнун мүчөсү катары маанилүү жана Жакынкы Чыгыштан качкындар агымын башкарууда ачкыч роль ойногондугун билдирди.  

«Хүррийет» гезити «88 пайызы бүттү! 9 саттан 3, 5 саатка түштү» деген макаласында Стамбул менен Измирдин арасын 9 сааттан 3, 5 саатка түшүрө туган Гебзе  - Орхангази  - Измир авто жолунун 88 пайызынын бүткөрүлгөндүгүн жазган. Проектинин негизиндеги 36 көпүрө жолунун Гебзе  - Бурса арасында 12, Сусурлук -  Балыкесир  - Кыркагач арасында 3, Кемалпаша  - Измир арасында болсо 2 болуп 17 көпүрө жолу бүткөрүлдү.

«Йени шафак» гезити «Ушакта жаңы бир курт  - кумурска түрү чыкты» деген кабарында Ушакта  аянт изилдөө иштерин аткарган инженер – дыйкан Эрдал Зенгин курган курт – кумурска тузагынан  жаңы бир курт – кумурска түрүн тапкандыгын жазган. Torymidae фамилиясына кирген сары түстүү, кызыл көздүү курт Ушак облусуна арналып "Megastigmus usakensis" деп аталды. Биринчи жолу көргөн курттун сүрөтүн тартып алып энтомология тармагында 45 жылдан бери иштеп жаткан профессор Миктат Доганларга жиберген Эрдал Зенгин жүргүзүлгөн иликтөөлөрдөн кийин жаңы бир курт  - кумурска түрүн табышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар