Түрк басма сөзү 8.01.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

883633
Түрк басма сөзү 8.01.2018

«Сабах» гезити «Демир чиркөө эл аралык коомчулукка карай билдирүү болуп саналат» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын Балаттагы Демир чиркөөнүн ачылышында маанилүү билдирүүлөрдү айтканын жазган. Эрдоган ачылыш сөзүндө: «Учурда Болгариянын өзгөчө милдети да бар. Европа Биримдигинин кезектешкен төрагалыгын жүргүзүүдө. Ушундай мезгилде бул ачылыштын ишке ашып жаткан болушун эл аралык коомчулукка карай маанилүү билдирүү катары эсептеймин»,-деди. Эрдоган: «Стамбул ар кайсы дин жана маданияттар чогуу ынтымактуу жашаган шаар экенин дагы бир жолу көрсөттү. Бир тарапта патриархия, экинчи тарапта Демир чиркөө, ортодо чоң айырма жок. 200-250 метр алыктагы жер»,- деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Алдыңкы планыбыз инфляцияны бир орундуу санга кыскартуу» деген маалыматында вице-премьер Мехмет Шимшек: «Инфляциянын кайрадан төмөндөтүлүшү биз үчүн алдыңкы максат»,- деп айтканын жазган. Шимшек Газиантептеги сөз сүйлөөсүндө: «Инфляциянын төмөндөп баратканын жана кошумча аракет менен муну бир орундуу санга кыскартуу үчүн аракет кылабыз»,-деди.

«Стар» гезити «Эрте брондоодо өсүү» аттуу маалыматында 2017-жылы калыбына келген туризм сектору жаңы сезонду жогорку талап менен баштаганын билдирген. Түркияга кайрадан келе баштаган европалык туристтердин алдын ала брондоолорунда 20 пайыздык өсүү болду. Жергиликтүү туристтерге карата эрте брондоолор болсо 60 пайыз өстү.

«Йени шафак» гезити «Сарыкамыш шейиттери эскерилди» деген маалыматында Карста Сарыкамыш кыймылынын 103 жылдыгынан улам «Түркия шейиттерин эскерүүдө» аттуу иш-чара өткөрүлгөнүн билдирген. Иш-чарага министрлер менен катар ар кайсы облустан келген жарандар катышышты. Бир гана Карста эмес, көптөгөн шаарда да эскерүү аземдери өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар