Түрк басма сөзү-2.01.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

880303
Түрк басма сөзү-2.01.2018

«Ватан» гезити «2018-жылы террор аз сүйлөшүлөт» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Ыспартада жаңы жылдын алгачкы билдирүүсүн айтканын жазды. Анда Йылдырым террор менен күрөшүүдө маанилүү жол басылып өткөнүн белгиледи. Йылдырым, 2018-жылы террор маселесинин дагы аз сүйлөшүлө турганын айтып, «Бир нерсеге жетүү үчүн алгач ишенүү керек. Биздин командабыз бул ишке ишенет жана күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүбүз күн өткөн сайын дагы артууда. Координация абдан маанилүү. Полиция, жандармерия, күзөтчү жана аскер...Террор менен күрөшүү тарыхында мурда эч болуп көрбөгөн кызматташуу, коорданиация бар. Бул да жыйынтыкка так түрдө чагылышууда»,-деди.

«Ватан» гезити «Шимшек; тышкы булак жагынан кыйынчылык тартпайбыз» аттуу маалыматында экономика боюнча жооптуу, өкмөт башчынын орун басары Мехмет Шимшектин Анкарада күн тартип тууралуу маалымат бергенин баяндаган. Анда Шимшек, «Тышкы булакты табууда кыйынчылк тартпайбыз. Классикалык фонддоо аймагыбыз болгон батыш менен карым-катнаштарыбыз дагы жакшы. ЕБ менен Түркия карым-катнаштары үзүлбөйт. Акыркы виза кризисинде да көргөнүбүздөй, Түркия-АКШ карым-катнаштары дагы начарлабайт. Түркиянын карым-катнаштарындагы белгисиздиктерин азайтуусу тышкы булак табууда бир аз жеңилдетүүчү роль ойнойт. Түркиянын бүнгүнкү күндө кыска мөөнөттүү белгилүү кыйынчылыктары болсо дагы, орто жана узун мөөнөттүү келечегинин жакшы боло турганынын күтүүсү, адамдар жана мекемелерди Түркия рискин алууга багыттоодо»,-деди.

«Сабах» гезити «ASELSAN 6,5 миллиард лиарлык буюртма алды» аттуу маалыматында аскердик электрондук өнөр жайы (ASELSAN) быйыл өлкө ичинде жана тышында бир катар долбоорлорду милдеттенгенин жазган. ASELSAN ушул багытта 2017-жылы өлкө ичинен жана тышынан келген талаптарды камсыздоо үчүн 29 келишимге кол койду. Тапшыруулары 2023-жылга чейин жайылган буюртмалар, 3 башка акча бирдиги менен түзүлдү. ASELSAN алган буюртмалардын экономикалык көлөмү 2 миллиард 143 миллион 272 миң 835 лира, 528 миллион 516 миң 730 доллар, 521 миллион 133 миң 672 евро түрүндө белгиленди. Борбордык банктын жылдын акырындагы валюта курстары эске алынганда фирма түзгөн келишимдердин экономикалык чоңдугу орто эсеп менен 6,5 миллиард лирага жетти. Фирманын келишимдеринен 25ин өлкө ичиндеги, 4үн өлкө тышындагы кардарлары менен түздү.

«Стар» гезити «Түркия жаратылыш газ жаатында борборго айланат» аттуу кабарында Түркиянын алдыбыздагы жылдан тарта жараталыш газда дагы манилүү борбор абалына айлана турганына көңүл бурганын жазган. Ушул алкакта Европага газ алып бара турган TANAP долбоорунун 2018-жылы, Түрк агымы долбоорунун да 2020-жылга дейре бүтүрүлө турганы белгиленген.Энергетика тармагында Түркиянын коопсуздукту камсыздоочу өзгөчөлүгү аркылуу бүгүнкү күндө Түркиянын 8 түтүк жолунан турган эл аралык кызматташтыгы бар. Булар менен катар Транс Анадолу жаратылыш газ кууру ТАНАП алдыбыздагы жылда процесске кирет.

«Йени шафак» гезити «Агры тоосунда көрүндү» деген кабарында Түркиянын чыгышында жашаганы белгилүү болгон бирок сейрек көрүнгөн сойлоп жүрүүчүлөрдөн Топбаш Келер (Phrynocephalus), Агры тоосунда көрүнүп инвентарга катталганын маалымдаган. Тукуму курут болуу коркунучу астында турган Топбаш Келер, алынган видеолор аркылуу Ыгдыр Табиятты коргоо жана улуттук парктар директорлугу тарабынан шаарда жашаган сойлоп жүрүүчүлөрдүн арасында каттоого алынып мекеменин инвентарына кошулду.



Тектеш кабарлар