Түрк басма сөзү-26.12.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

876156
Түрк басма сөзү-26.12.2017

«Ватан» гезити «Келечек Африканыкы болот» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Судан сапарынын алкагында борбор шаар Хартумда ардактуу докторлук наамы ыйгарылган аземде сөз сүйлөнүн жана «Келечек Африканыкы болот. Кудус маселесинде болгонундай каршы чыгалы, бирдиктүү бололу, моюн сунбайлы»,-дегенин баяндады.

«Стар» гезити «Түркия, Кабулдагы террордук кол салууну айыптады» аттуу маалыматында Түркиянын Кабулда Улуттук коопсуздук директорлугу жайгашкан жерге жакын жерде болгон террордук кол салууну айыптаганын жазган. Тышкы иштер министрлигин жазуу түрүндөгү жарыясында Ооганстандын борбор шаары Кабулда, Улуттук коопсуздук директорлугунун жайгашкан жерине жакын жерде болгон террордук кол салууда каза болгон жана жаракат алган оогандар болгонун капа болуп укканы белгиленди.Анда, «Сөз болгон террордук кол салууну айыптайбыз. Кол салууда каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун, Ооганстан өкмөтүнө жана тууган ооган калкына кайрат айтабыз, жаралангандарга тез шыпаа берсин»,деп жазылды.

«Хүррийет» гезити «Чет өлкөдөгү дүкөн санын 32ге жеткирет» аттуу маалыматында Түркиянын алдыңкы фирмалары чет өлкөдөгү инвестицияларын ылдам улантууда экенин жазган. Валюта курсунун чайпалуусуна карабастан 2017-жылы маанилүү өсүү көрсөткөн өндүрүшчүлөрдөн бири болгон Bürotime, чет өлкөдөгү 7-концепт showroomун Грузияда ачты. 2018-жылы Европада, Жакынкы Чыгыш жана Африкада 25 жаңы концепттеги дүкөндүн ачылышын жасай турган Bürotime жалпы чет өлкөдөгү дүкөн желесин 32ге жеткирүүнү максаттап жатат.

«Йени шафак» гезити «Белек деп жиберишти, эми болсо буюртмаларды аткарып жетише албай жатышат» аттуу кабарында Манисанын Алашехир районунда өстүргөн женнет алмасын сата албай калганда кургатып как кылып жана бир бөлүгүн Англиядагы жолдошторуна белек катары жөнөткөн жуп, бул белектерден улам экспорт жасай башташканын жана ошондой эле аймактагы өндүрүшчүлөр үчүн үмүт болгонун жазган.

«Хабер түрк» гезити «Бельгияда кызматкерликтен өкүлдүккө жогорулаган Эмир Кыр» аттуу макаласында Бельгияда 1990-жылдарда Сен-Жосе муниципалитетинде кызматкер катары карьерасын баштаган Эмир Кырдын оболу Муниципалитет башчысынын орун басары, андан соң Брюсселдин аймактык эл өкүлү, Брюсселдин аймак министри, Муниципалитет башчысы жана Федералдык Парламенттин эл өкүлү болгонун маалымдаган. Бельгия саясатына 2000-жылы Социалисттик партиядан кадам таштаган Федералдык Парламенттин түрк тектүү өкүлү жана муниципалитет башчысы Эмир Кыр, ушул убакка дейре саястка кадам таштаган бельгиялык түрктөрдүн арасында эң дасыкканы катары кабыл алынууда.



Тектеш кабарлар