Түрк басма сөзү 21.12.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

872826
Түрк басма сөзү 21.12.2017

«Хабер түрк» гезити «Сенин ата-бабаң кайда эле?» аттуу маалыматында президент Режеп Тайип Эрдогандын Айыл өкмөт башчыларынын 42-жыйналышында сөз сүйлөгөнүн баяндаган. Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министринин Мединадагы ыйык аманаттарды куткарып Стамбулга алып келген Фахреддин Пашаны күнөөлөгөн «твиит» бөлүшүүсүнө катуу каршылык көрсөткөн президент Эрдоган: «Эй бизди күнөөлөгөн байкуш сенин ата-бабаң кайда эле. Фахреддин Пашанын 2 жыл 7 ай коргогон Мединада жасаган иштери, коргонуусу мактоого арзырлык. Уялбастан Эрдогандын ата-бабаларынын ыйык мурастарды ал жерден уурдап Стамбулга алып келгендерин айта турганчалык тантыган байкуштар, ал жерди басып алганы келгендерден аларды коргош керек болгон, жанын аябаган Паша ыйык мурастарды 2 миң кишилик коргоочу күчү менен Стамбулга жөнөткөн»,-деп айтты. Эрдоган: «Тарыхыбыздын бул улуу инсанына жаман сөз айткандардын учурда кимдер менен, кайсы жерлерде эмне иш кылып жатканын абдан жакшы билебиз»,-деди.

«Сабах» гезити «Эми дүйнө өзгөрдү» деген маалыматында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглунун БУУда өткөрүлө турган добушка коюу үчүн АКШга барганын билдирген. Аэропортто Палестинанын тышкы иштер министри менен бирге маалымат жыйын өткөргөн Чавушоглу: «Эртең Башкы Ассамблеяда Кудус темасы добушка коюлат. Биз бул жерде күчтүү колдоо күтөбүз. Анткени бул чечимге жалгыз гана мусулмандар эмес, христиандар да тынчсызданды. Ошондой эле түрдө еврейлердин көпчүлүгү да бул чечимге каршы. Абийирдүү ар ким мыйзамдарга туура келбеген чечимге каршы турушту»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия Түндүк Корея саммитине чакырылды» деген маалыматында Канаданын Ванкувер шаарында 16-январда өткөрүлө турган Түндүк Корея саммитине Түркиянын да катыша турганын билдирген. Түркиянын Оттавадагы элчиси Селчук Үнал, Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган саммитке Түркиянын чакырылганын айтты. Үнал Канада жана АКШнын жетекчилигинде өтө турган саммиттин 1950-жылдан 1953-жылга чейинки Корея согушунда орун алган өлкөлөрдүн катышуусунда боло турганын билдирди.

«Йени шафак» гезити «Канал Стамбулдан ири топурак» деген маалыматында 2011-жылы биринчи жолу күн тартипке коюлганда «Ири долбоор» деп аталган Канал Стамбул долбоорунан чыгарыла турган топурак да ири өлчөмдөрдө болоорун билдирген. 2018-жылы пайдабалы түптөлө турганын долбоордон чыгарыла турган 1,7 миллиард метр куб топурак менен 3 арал, эркин аймак жана порт салынышы күн тартипке коюлуп, топурактын миңдеген жүк ташуучу унаа менен талаа аянттарына таратылышы да пландалып жатат.

«Ватан» гезити «Түрк чайы 23.7 миллион доллар киреше алып келди» деген маалыматында Түркиядан январь-ноябрь мезгилинде 4 миң 958 тонна чай экспорттолуп, андан 23 миллион 655 миң 899 доллар киреше түшкөнүн билдлирген. Чыгыш Карадеңизден да жылдын 11 айында 21 өлкөгө 2 миң 939 тонна чай экспорттолуп, андан 10 миллион 949 миң 670 доллар киреше түштү. Алдыңкы үч өлкө болгон Бельгияга 8 миллион 589 миң 584 долларлык, Германияга 689 миң 117 долларлык жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына 462 миң 921 долларлык чай экспорттолду.



Тектеш кабарлар