Түрк басма сөзү 18.12.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

870392
Түрк басма сөзү 18.12.2017

«Хабер түрк» гезити «Өз элчилигибизди ошол жерде ачабыз» деген макаласында Ислам Кызматташтык Уюмунун жыйынынан чыккан Чыгыш Кудустун Палестинанын борбор шаары деп жарыяланышы чечими боюнча президент Режеп Тайип Эрдоган Карамандагы сөз сүйлөөсүндө: «Басылып алынгандыгы үчүн ал жерге барып өз элчилигибизди ача албай жатабыз. Бирок биздин башкы консулдугубуз элчилик катары өкүлдүк кылынууда. Иш жүзүндө биз бул ишти аткарганбыз. Расмий болуш үчүн да ошол күндөр жакындап калды жана элчилигибизди ал жерде ачабыз»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Кудуста туура эмес план түзгөндөр аягында өкүнүп калышат» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым Чанкырыдагы сөз сүйлөөсүндө, АКШнын президенти Дональд Трамптын Кудусту Израилдин борбор шаары деп таанышына каршылык көрсөттү жана «Бул аймакта Кудус боюнча туура эмес план түзгөндөр аягында өкүнүп калышат»,-деди.

«Стар» гезити «Дүйнө жүзүнө кызматтардын экспорту өстү» деген маалыматында Түркиянын 500 кызмат экспортчусу белгилүү болгонун билдирген. 2016-жылдагы жалпы 27 миллиард 300 миң долларлык кызматтардын экспортунун 7 миллиард долларын жалгыз өзү аткарган Түрк аба жолдору биринчи болду. Алдыңкы 10до авиакомпаниялар жана курулуш ишканалары орун алды.

«Йени шафак» гезити «Палестиналык жигит Израилге түрк желеги менен каршылык көрсөттү» аттуу макаласында АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп таануу чечиминен кийин башталган нааразылык акциялары Палестинанын дээрлик бардык аймагында уланып жатканын жазган. Палестиналык бир жигит, АКШнын чечимине каршылык көрсөтүп жатып түрк желегине оронду. Палестиналык жаш жигиттин түрк желегине оронуп алган көрүнүшү социалдык тармакта чоң кызыгуу жаратты. Бул көрүнүштөр социалдык медианын символуна айланды.

«Ватан» гезити «Түркияда алгач ирет өстүрүлдү» деген маалыматында дүйнөдөгү эң кичинекей дан болгон тефф көбүнчө Эфиопия жакта өсөөрүн билдирген. Өтө пайдалуу болгон бул дан Түркияда биринчи жолу эскишехирдик Илхами Дайар тарабынан 3 гектардык жерге өстүрүлүп, 200 килограммдай түшүм алынды. Дайар алдыдагы жылдарда 150 гектардык жерге тефф эгип, түшүмү менен Түркиядагы бардык глютен бейтаптарынын муктаждыктарын камсыздоону максаттап жатат.



Тектеш кабарлар