Түрк басма сөзү 15.12.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

869175
Түрк басма сөзү  15.12.2017

«Йени шафак» гезити «Экспорт рекордго карай баратат» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырым Бештепеде өткөрүлгөн жумуш менен камсыз кылуу кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө акыркы бир жылда 1, 5 миллион кишини жумуш менен камсыз кылышкандарын белгилеп, 3 -  чейректеги өсүү сандарынын дүйнөлүк рекордго жеткендигин айтканын жазган. Йылдырым : «Кара ниеттүү сценарийлердин баары колдорунда калды. Үмүт жеңип чыкты. Чындык жеңди. Бул жылы экспорт бардык мезгилдерден жогору боло турган болсо таң калбагыла. Өлкөлөр  банкрот болуп жатса Түркия өсүүнү, өнүгүүнү улантты»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Ибрахим Калын : Кудус чечиминин уландысы келет» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Ислам Кызматташтык Уюмунун Кудус чечиминин уландысынын келерин, Палестинаны тааныган өлкө санынын артарын белгилегендигин жазган. Калын ансыз да Түркия болгон бир топ өлкөнүн ушул кезге чейин Чыгыш Кудусту Палестинанын борбор шаары катары тааныгандай мамиле кылгандыгын баса белгиледи. Калын : «Биздин ал жердеги башкы консулубуз элчи сыяктуу иштеп жатат. Мунун расмийлешүүсү маанилүү. Келечекте курула турган Палестина мамлекетинин чек арасын белгилөө максатында жана күчтүү колдоо берүү  жактан да мааниге ээ болууда»,- деп баа берди.

«Стар» гезити «АКШ аймакта лидерликти Түркияга алдырды» деген маалыматында АКШнын Кудсту Израилдин борбор шаары деп жарыялоосунан кийин Стамбулда чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунун Стамбулдагы жыйынынан кийин чыгарылган чечимдер жаңырык жараткандыгын белгилеген. Истиние университетинин экономикалык жана башкаруу факультетинин эл аралык карым  - катнаштар бөлүмүнүн башчысы профессор Месут Хаккы Жашын : «Чыгарылган чечимдер тарыхый, АКШ аймакта лидерликти Түркияга алдырды, Ислам Кызматташтык Уюмунан чыккан чечим менен аймактагы өлүмдөрдөн, чыга турган окуялардан АКШ жана анын президенти Дональд Трамп жооптуу»,- деди. Ислам Кызматташтык Уюмунун чечимдеринин бир саясий жагынын  бар экендигин да белгилеген Жашын : «Бул чечимдер Кудусту 400 жыл башкарган Түркиянын лидерлигин аткарган жыйында чыкты»,- деди.

 

«Хүррийет» гезити «Путин Сирия кризисинин кыйынчылыгын Түркия тартты» деген маалыматында Орусиянын президенти В. Путин жыл сайын жылдын акырында өткөргөн кенен түрдөгү пресс  - жыйынында сөз сүйлөгөндүгүн билдирди. Путин Сирияда 2011 -  жылдан бери болуп келе жаткан кризис тууралуу суроолорго жооп берип : «Мунун кыйынчылыгын эң көп Түркия тартты. Түркия көп сандаган сириялык качкынды кабыл алды»,- деди. Путин Сириядагы кризисти чечүү үчүн эл аралык коомдун биргелеше аракет кылышы керектигин белгиледи.

«Ватан» гезити «Өнөр жайда өсүү 4 айдан бери улантылууда» деген кабарында өнөр жайда өсүү мурунку бир жылдын ушул эле айына караганда 31, 7 пайызга арткандыгын билдирген. Бир тараптан индекс бири биринин артынан төртүнчү айда да өстү. Өнөр жайдын астыңкы секторлору иликтенгенде 2017 -  жылы октябрь айында мурунку бир айга караганда тоо – кен секторунун индекси 5, 3 пайыз, өндүрүш өнөр жай секторунун индекси 4 пайызга артты.



Тектеш кабарлар