Түрк басма сөзү 11.12.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

865725
Түрк басма сөзү 11.12.2017

«Стар» гезити «Кипрдик түрктөр «азчылык» абалына түшүрүлбөйт» аттуу макаласында президент Режеп Тайип Эрдоган, Грециянын «To Vima» гезитине берген маегинде кипрдик румдардын Кипрди «Елен аралы» катары көрүүнү улантып жаткандарын белгилеп: «Ачык айта турган болсом румдардын бул кыялы орундалбайт. Кипрдик түрктөр жалпы ээси болгон аралда эч качан румдар каалагандай «азчылык» абалына түшүрүлбөйт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Калын Нетаньяхуга катуу карышылык көрсөттү» деген маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Түркия Республикасы жана президенти Режеп Тайип Эрдоганга карай билдирүүлөрүн катуу айыптагандарын айтканын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Коргоо өнөр жайында акыркы абал» деген маалыматында түрк коргоо өнөр жайы, Кувейт сыяктуу Булуң өлкөлөрү менен кызматташтык потенциалынын жаңы долбоорлор менен өнүктүрүлүшү жана тереңдетилиши максатында Кувейттеги Коргоо жана авиация жарманкесине 23 фирма менен катыша турганын билдирген. Жарманкеде көптөгөн өлкөдө ийгиликтүү кызмат кылган же акыркы мезгилде коопсуздук күчтөрүнүн инвентарына кошулган брондолгон унаалар, симуляторлор, камуфляждалган дрон жана MİLKEM сыяктуу коргоо өнөр жайынын техникалары көрсөтүлөт.

«Йени шафак» гезити «Литературага өсүмдүктүн дагы 5 жаңы түрү киргизилди» аттуу маалыматында түрк илимпоздору тарабынан Измирде дүйнөлүк өсүмдүк литературасына кире турган беш жаңы түрдү аныктагандарын билдирген.

«Йени шафак» гезити «Түркияга 2020-жылы 3 миллион кытайлык туристтин келээри күтүлүүдө» деген маалыматында Түркия менен Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин Достук жана тилектештик коомунун жетекчиси Кемал Кочак, 2020-жылы Түркияга келе турган кытайлык туристтердин санынын 3 миллиондон ашаарын ойлогондорун айтканын жазган. Кочак билдирүүсүндө 2018-жылы Кытайда «Түркия туризм жылы» жарыяланганын эске салып, Кытайда 1,5 миллиард кишинин жашаганын жана мунун орто эсеп менен 200 миллионунун дүйнө жүзүн кыдырганын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар