Түрк басма сөзү 8.12.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

864333
Түрк басма сөзү 8.12.2017

«Стар» гезити «Эрдоган НАТОго киришиңерге биз мүмкүнчүлүк түздүк» деген маалыматында Греция сапарынын негизинде барган Афинада кесиптеши Прокопис Павлопулос менен жолугушкан президент Р. Т. Эрдогандын : «НАТОдон силер чыктыңар, кайра НАТОго киришиңерге биз мүмкүнчүлүк түздүк. Биз тоскоол болгондо силер НАТОго кире албайт элеңер. Бирок биз силерге коңшубуз деген көз караш менен карадык. Бүгүн да  ошол көз караш менен карап жатабыз»,- дегендигин билдирген.

«Сабах» гезити «Премьер  - министр жарылууга даяр бомба сыяктуу» деген макаласында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын Түштүк Кореяга жасаган сапарынан кийин учакта журналисттерге берген маалыматында АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалим тууралуу чечимине байланыштуу : «Иерусалимдин статусу менен ойноо жарылууга даяр бомбага окшойт»,- дегендигин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Премьр – министр Йылдырым : 2018 - жылдын жол картасы даяр» деген маалыматында  премьер  - министр Бинали Йылдырымдын Түрк өнөр жайчылар жана ишкерлер коому ТҮСИАДдын жогорку кеңеш жыйынында берген маалыматында : «2018 – жыл  оңой болбойт. Бирок өлкөбүздүн ушул күнгө чейин жетишкендиктеринин саясында, коопсуздугунун саясында 2018-  жылы да өсүү улантылат. 2018 -  жылы жол картабызды даярдап жатабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору бразилиялык Азул менен келишимге кол койду» деген кабарында Бразилиянын эң чоң аба жолу фирмасы Азул менен түрк аба жолунун ортосунда код бөлушуунун болорун жазган. Ушундайча түрк аба жолдору Азулдун ички каттам кодуна кошулуп жана жүргүнчүлөр түрк аба жолдору аркылуу билеттерин түздөн түз сата  ала алышат.

«Хабер түрк» гезити «Түрк аба жолдору күн белгиледи» деген маалыматында түрк аба жолдорунун башкаруу кеңеши жана аткаруу комитетинин төрагасы Илкер Айжы түрк аба жолдору жүк ташуу желесине жаңысын кошкон Боинг   -777 жүк ташуучу учагын тапшыруу аземинен кийин журналисттерге маалымат берди. Үчүнчү аэропорт тууралуу маалымат берген Айжы : «Ал жерде азыр акырындап операция жүрүүдө. Өзүңүздөр билесиздер ал жер оңой жер эмес. Ал жердин даярдалышы жана ал жерде курулуштун курулушу үчүн бардык иштер аткарылууда. Керектүү дизайн иштери аткарылды жана бүткөрүлдү. Жакында курулуштардын бийиктегендигин көрө аласыздар. Жаңы аэропортубузда 2018 -  жылдын 29 -  октябрында 3 -  аэропортубуздабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар