Түрк басма сөзү 01.12.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар .

859416
Түрк басма сөзү 01.12.2017

«Ватан» гезити «Эрдоган Меркель менен сүйлөштү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Германиянын канцлери Ангела Мрекель менен сүйлөшкөндүгүн жазган.  Президенттиктин булактарынан берилген маалыматка ылайык телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштар жана Сириядагы аймактык абалдар сөз болду. Эрдоган Меркелге Түркия, Орусия жана Ирандын катышуусу менен 22 -  ноябрдагы Сочи саммити тууралуу  маалымат берип качкындар маселесине да  токтолушту. Меркель сириялык качкындар тууралуу Түркияга убада кылынган Европа Биримдиги жардамдарын жеткирүүнү ылдамдатуу үчүн иштешерин белгиледи. Эки лидер ПКК террордук уюму жана бардык террордук уюмдар менен күрөшүүдө кызматташтыктын маанисин белгилешти.

«Йени шафак» гезити «Көмүрдө ишенимдүү шахтачылык» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак энергетикада тышкы көз карандылыктан кутулуу үчүн ишенимдүү көмүр шахтачылыкты курушураны айтты. Экинчи жергиликтүү көмүр семинарында сөз сүйлөгөн Албайрак : «Бардык көмүр шахтачылыкта акылдуу көмүр мезгилин баштап жатабыз. Стратегиябызды адамга, билимге карата, ачык жана так башкаруу болуу менен үч негиз боюнча курдук», - деди.

«Сабах» гезити «Түрк автомобиль фирмалары AUTOMECHANİKA Шанхай жарманкесинде» деген маалыматында  Улудаг автомобиль индустриясы экспортчулар бирмдиги жылда 72 миллиард доллар автомобиль экспортун ишке ашырган Кытай базарынан Түркиянын алган үлүшүн арттыруу үчүн Automechanika Шанхай жарманкесине 37 түрк фирмасы менен катышты. Дүйнөнүн 140 өлкөсүнөн 130 миңге жакын киши келген Automechanika Шанхай жарманкесинде түрк фирмалары чоң кызыгуу көрдү.

«Стар» гезити «Жылдын акырында 31, 4 миллион турист тосуп алган болобуз» деген маалыматында маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш бул жылдын 10 айына караганда жаңы бир мезгилге кирүү белгилеринин келгендигин айтып, жылдын акырында 31, 4 миллион турист саны жана 26 миллиард долларлык кирешеге жетишерин айтты. Антальяда өткөрүлгөн 7 – Эл аралык Ресорт туризм конгрессинде сөз сүйлөгөн Куртулмуш : «Түркия турист саны менен эмес, туризмден алынган киреше менен дүйнөнүн маанилүү өлкөлөрүнөн болот»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «ТҮРКӨКТӨ 500 -  трансплатация ишке ашырылды» деген маалыматында жүлүн трансплатациясы болууну каалаган оорулуулардын үмүтү болгон Түркия клетка координация борборунда 500 – трансплатциянын жасалгандыгын билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Түрк Кызылайынын кызматташтыгы менен 2015 -  жылы 1 -  апрелде турмушка ашырылган ТҮРКӨКтүн 500 -  трансплатациялоо аземине катышкан саламаттыкты сактоо министрлигинин кеңешчи орун басары Элиф Гүлер Казанжы саламаттыкты сактоо туризминин негизинде Түркияга келген оорулууларга да трансплатация жасалгандыгын билдирди. Университет жана ооруканаларда клетка трансплатациясы жасалгандыгын билдирген Казанжы 84 борбордо бул кызматтын берилгендигин айтты.



Тектеш кабарлар