Түрк басма сөзү-30.11.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

858579
Түрк басма сөзү-30.11.2017

«Ватан» гезити «Англияда интернет дагы жай» аттуу маалыматында Түркиянын алдыңкы технология фирмасы NETAŞ тын 50 жылдык мааракесине катышкан өкмөт башчы Бинали Йылдырымдын, «Информатика жана байланыш технологияларынын жашообуздагы көлөмү улам артып уланат. Жакында айдоочусуз унаалардын доору башталат. Технология жаатында Түркияга 2003-жылдан бери абдан чоң өнүгүү алып келдик. 2002-жылы кызматка келгенибизде кеңири тилке деген эмне экенин билген киши жок эле. 2 күн мурда Англияда болчумун. Ал жерде интернеттин ылдамдыгы дагы жай. Учурда кеңири тилкелүү интернет бар, мобилдик интернет бар. 10 жыл сыяктуу кыска мөөнөттө 5G технологиясына карай баратабыз»,-дегенин берген.

«Сабах» гезити «Түркия Түндүк Кореяны айыптады» аттуу маалыматында Түркиянын Түндүк Кореяны баллистикалык ракета учурганы үчүн айыптаганын жазган. Тышкы иштер министрлиги Түндүк Кореяда болгон баллистикалык ракета учурууга байланыштуу маалыматын жарыялады. Министрликтин жарыясында «Түндүк Кореянын 2017-жылдын 29-октябрында БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомдорун дагы бир жолу бузуп, ишке ашырган баллистикалык ракета сыноосун айыптайбыз. Түндүк Кореяны аймактык жана эл аралык коопсуздук жана ырааттуулкту коркунучка салган кыймалдарын соңуна чыгарууга жана БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомдоруна баш ийүүгө чакырабыз» делди.

«Хүррийет» гезити «Түрк агымынын деңиз бөлүгүнүн 30 пайызы бүттү» деген маалыматында Орусиянын жаратылыш газын Түркия жана уландысында Европага ташышы пландалган "Түрк агымы" жаратылыш газ куур жолунун дорлбоорунун деңиз бөлүгүнүн курулушунун 30 пайызы бүткөнүн жазган.

«Стар» гезитине «Органикалык талаа продукциясын өндүрүүдө дүйнөдө алдыңкы 10 орунга жеттик» аттуу кабарында айыл-чарбага акыркы жылдарда көрсөтүлгөн колдоолордун да таасири менен «органикалык» өндүрүш күн өткөн сайын өскөнүн баяндаган.Бул сектор 10 жылда 5 эсе чоңойсо, Түркия 70 миң органикалык талаа өндүрүшчүсү менен дүйнөнүн алдыңкы 10 өндүрүүчүсүнүн арасына кирди. Түркиянын эрозия менен күрөшүү, бак тигүү жана жаратылыш байлыктарын коргоо фондунун элет жерлерди өнүктүрүү долбоорлорунда өндүрүлгөн товарлардын сатылышы жана соодаланышын кылган Temarı азык-түлүктү башкаруу кеңешинин мүчөсү Вилдан Йылдыздын берген маалыматына караганда 1980-жылдарда 8ге жеткен органикалык продукция саны бүгүн 238 түргө жеткен.

«Йени ашфак» гезити «Анадолунун үрөнүнө 30 өлкөдөн талап бар» деген маалыматында быйыл 17-өткөрүлгөн Эл аралык Growtech Eurasia парник талаа шаймандары жана технологиялары жарманкесине 30 өлкөдөн 85 миң киши максаты менен каалгаларын ачкан Анталья Экспо центрде ачканын жазган. Жарманкенин жыл сайын айыл-чарба секторунда шаарга береке алып келгенин белгилеген Growtech марка директору Энгин Эр: «Быйыл 4 материктеги 30 өлкөдөн 800 катышучубуз бар. Айрыкча жыл сайын өзүбүздүн келген кишилер жагынан рекордго жетишүү сыяктуу салтыбыз пайда болду. 2017-жылга максатыбыз 85 өлкөдөн 85 миң кишиге жетүү»,-деди.



Тектеш кабарлар