Түрк басма сөзү-28.11.2017

Түрк басма сөзүнөн кыска маалыматтар.

856942
Түрк басма сөзү-28.11.2017

«Стар» гезити «Эрдоган 7-8-декабрь күндөрүндө Афинага жол тартат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган расмий чакыруу боюнча 7-декабрда Грецияга эки күндүк сапар менен бара турганын маалымдаган. Афиинага эң акыркы жолу сапар 65 жыл мурда үчүнчү президент Желал Баяр тарабынан жасалган. Эрдогандын сапары тууралуу алгачкы кадам премьер-министр Йылдырымдын июнь айында Афинага жасаган сапар менен ташталган. Йылдырымды кабыл алган Грециянын президенти Прокопис Павлопулос Эрдогандын сапарына ыраазы боло турганын белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «Мыкты тосуп алуу» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Лондондо англис кесиптеши Мэй менен жолукканын жазган. Brexitтен кийин экономикалык кызматташтык, коргоо өнөр жайы ана саясат каралды. Йылдырым, англис инвесторлор менен таңкы тамакта жолугуп, «Жылдын акырында өсүү көрсөткүчү 6-7 пайыз болот. Бул аймакта жылдык дүң продукция 30 трилллион доллар»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Улуттук согуштук учак 2023-жылы даяр» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Нуреттин Жаниклинин, премьер-министр Бинали Йылдырымды Лондон сапарында коштоп барып журналисттердин суроолоруна жооп бергенин баяндаган. Жаникли, Улуттук согуштук учак TF-X тууралуу мунун Түркия үчүн маанилүү долбоор экенин белгилеп, «Болушунча кыска убакыттын ичинде бардык баскычтарын аткарабыз. Эч кандай кечигүү болбойт. Күн айтпай эле коеюн, бирок негизги максатыбыз 2023-жылы асманга учуу»,-деди. Бул долбоордун негизинен Түркиянын муктаждыгы менен келип чыкканын айткан Жаникли, бир топ өлкөдөн технология трансфери түшүнүгү менен колдоо алынганын, Англиянын да ушул алкакта долбоорго кошулганын айтты.

«Ватан» гезити  «Дагы бир өлкө ASELSANды тандады» аттуу маалыматында ASELSAN тарабынан өнүктүрүлгөн курал системасын турукташтыруучу шайман Түркия үчүн жаңы экспорт каалгасын ачканын жазган. Түштүк Кореялык кеме куруучу фирмасы Hyundai Heavy Industries 2016-жылы Филиппин флоту менен 2600 тонналык Инчхон классындагы фрегат жасап чыгаруу үчүн келишимге кол койду. Платформанын астыңкы бөлүмүндөгү 76 мм башкы замбиреги жана 8 клеткалуу тик учуруу системасына кошумча ASELSANдын сактоочу системасы кеменин арка бөлүмүндө учуу бортуна жакын жайгаштырылат. ASELSANдын сактоочу системасы платформанын Согушту башкаруу системасы менен толук интеграцияланган түрдө иштейт.

«Хүррийет» гезити «Антальяда испан дабырты» деген кабарында дүйнөгө таанымал испан чебери Луз Казаль, 18-Эл аралык Анталья пианино фестивалынын алкагында концерт бергенин маалымдаган. Казаль, ырлары менен катар анда санда түркчө сүйлөп көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапты.



Тектеш кабарлар