Түрк басма сөзү 27.11.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

855679
Түрк басма сөзү 27.11.2017

«Сабах гезити «Президент Эрдогандын орчундуу сүйлөшүүлөрү» аттуу макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов менен телефондо сүйлөшкөнүн билдирген. Президенттиктен маалымдалгандай Катардын эмири шейх Тамим бин Аль Тани менен сүйлөшүүдө, эки тараптуу карым-катнаштар менен катар өткөн жумадагы Сочи жыйынын алкагында Сириядагы кырдаал жана аймактык маселелер каралды. Эрдоган-Борисов сүйлөшүүсүндө болсо өз ара мамилелер менен катар Болгариянын Европа Биримдигинин кезектешкен төрагалыгы жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин тездетилиши темалары каралды.

«Хабер түрк» гезити «Лондондогу алгачкы түрк капиталдуу инвестиция банкы ычылды» деген маалыматында премьер-министри Бинали Йылдырымдын Лондондогу алгачкы түрк капиталдуу ««DOME Group» инвестиция банкынын ачылышын ишке ашырганын билдирген. Йылдырым: «Бул инвестбанк аркылуу жасала турган иш-аракеттерде экономикадан баштап ушул ишке акчасы, убактысы, накталай акчасы менен салым кошкон Догуш Холдинг, FİBA Холдинг жана башка өнөктөштөр керектүү пайданы көрүшөт. Өздөрү дагы экономикабыз дагы пайда табат. Бул алгачкысы болуп жаткандыктан башка инвесторлорубузга үлгү болушу мүмкүн»,-деди.

«Стар» гезити «Түрк аскери Габар тоосунда ПККны кыйратууда» аттуу маалыматында Шырнакта коопсуздук күчтөрү жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтерди таасирсиз кылуу үчүн операцияларын тынымсыз улантып жатканда, издөө иштеринин алкагында Габар тоосунда операциялар жүргүзүлгөнүн билдирген. Шырнактагы Бестлер-Дерелер аймагында 11 күнгө созулган жана ПККнын жогорку даражалуу жетекчилери да арасында болгон көп сандаган террорист жок кылынды.

«Йени шафак» гезити «Түркия Египет үчүн аза күтүүдө» деген маалыматында Египетте Эль-Равда мечитине болгон террордук кол салуудан улам Түркияда бир күндүк аза күтүү жарыяланганын билдирген. Өлкөдө жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө бүгүн желектер ылдый түшүрүлөт. Кол салууда 305 киши көз жумуп, 128 киши да жаракат алган болчу.

«Ватан» гезити «Жергиликтүү автоунаага байланыштуу жаңы сунуш» деген маалыматында вице-премьер Фикри Ышыктын Антальянын Аланья районунда өткөрүлгөн «Инженерлердин жолугушуусу» аттуу иш-чарага катышканын билдирген. Ышык бул жерде жергиликтүү автоунаага байланыштуу билдирүүсүндө өз сунушу болгон гибрид унаалар темасын сөз кылды. Ышыктын сунушунда унаада электрдүү мотор жана бензин менен иштеген генератор бар. Бул генератор батарея азайган сайын кайрадан толтуруп турат.



Тектеш кабарлар