Түрк басма сөзү 24.11.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматар.

854327
Түрк басма сөзү  24.11.2017

 

«Хабер түрк» гезити «Афринге да Идлиб модели» деген маалыматында            президент Р. Т. Эрдогандын Сочиде болгон үчтүк саммиттен кайтуусунда саммит тууралуу маалыматтарды бөлүшкөндүгүн жазган. Президент Эрдоган : «Орусия федерациясы,  Иран жана Түркия  катары баштаган Астана процесси тууралуу акыркы абалды карап чыгуу үчүн Сочиде саммит өткөрдүк.  Коопсуз аймактар турмушка ашырылды жана ашырылууда. Идлибде алган жоопкерчиликти орундатуудабыз. Ал жерде курууну каалаган 12 текшерүү жери жана байкоо жерлеринен үчөөсүн курдук. Сириянын жеринин бүтүндүгү жана саясий биримдиги тууралуу макулдашуубуз бар. Негизги максатыбыз Сирия калкы кабыл ала турган туруктуу жана саясий чечүүчү жол. Сирия улуттук диалог конгресси маселесин кенен түрдө карап чыктык. Конгресске  кимдердин чакырыларына үч өлкө бирдикте чечим чыгарабыз. Конгресске Сириядагы бардык топтордун, бардык бөлүктөрдүн чакырылышын күтүүдөбүз. ПЙД – ЙПГ сыяктуу уюмдар тууралуу мамилебиз так»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түрк куралдуу күчтөрү жергиликтүү – улуттук системалар менен күчтөнүүдө» деген маалыматында террор менен күрөшүүнү үзгүлтүксүз улантып жаткан түрк куралдуу күчтөрү жергиликтүү системалар менен күчтөнүп жаткандыгын жазган. Улуттук аскердик учак проектиси менен аба күчтөрү командирлигинин 2030 -  жылдардан кийинки аскердик учак муктаждыгы камсыздалат. Чыгарылган учактын биринчи учушу 2023 – жылы ишке ашат. Улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган жана  өндүрүшү башталган 3 миң 435 МПТ – 76 тапшырылды. Жылдын акырына чейин 7 миң мылтыктын тапшырылышы максат кылынууда.

«Хүррийет» гезити «Чоң фестиваль» деген маалыматында жаатында 3 чоң фирманын дүйнөлүк масштабда кызматташтык түзгөндүгүн жазган. Франкфурт автомобиль жарманкесин да уюштурган 777 жылдык тарыхы менен дүйнөнүн эң эски расмий жарманке организатору немис Мессе Франкфурт менен англистердин легендарлуу фестиваль фирмасы Goodwood, Түркиянын эң чоң авто парк фирмасы Intercity менен биргеликте бир проекти үчүн кол койду.  3 чоң фирманын кызматташтыгы менен 2018 -  жылдын сентябрь айында ‘Festival of Motoring’ деген ат менен Intercity Стамбул паркта дүйнөнүн эң чоң автомобиль жана мотоцикл жарманкеси жана фестивалын өткөрөт.

«Сабах» гезити «Буудай филими үчүн көркөмдүү гала» деген маалыматында режиссерлугун Семих Капланоглу аткарган жана адамдар күтпөгөн климаттык алмашуудан кийин башталган жокчулук менен күрөшүүнү тема кылып алган «Буудай» филиминин галасы президенттик комплексте өткөрүлгөндүгүн жазган. Галага премьер  - министр Бинали Йылдырым менен бирге катышкан президент Р. Т. Эрдоган : «Экологияга зыянын тийгизген ар бир технология намыстуу адамга айланган бир курал»,- деди.

«Ватан» гезити «2024 Европа футболдук чемпиондугун Түркия өткөрө алат» деген маалыматында ФИФАга мүчө федерациялардын төрага жана жогорку мартабалуу башкаруучуларын жолугуштурган ФИФА футболдук саммити Стамбулда өткөрүлгөндүгүн жазган. Саммиттен кийин ФИФАнын төрагасы Гианни Инфантино Түркиянын 2024 Европа футболдук  чемпиондугуна талапкерлиги үчүн : «Чемпиондукту өткөрүүгө чечим чыгаруу менин ишим эмес, бирок Түркия EURO 2024 талапкерлиги үчүн алтын же күмүш медалды алат. Түркия биринчи же экинчи болот. Базиси жана жаңы стадиондору мени таасирлендирди. Түркия футбол өлкөсү. Түркиянын EURO 2024кө талапкерлигин коюшу абдан маанилүү. Түркия мыкты үй ээлик кыла алат»,- деди.



Тектеш кабарлар