Түрк басма сөзү 10.11.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

844962
Түрк басма сөзү 10.11.2017

«Хүррийет» гезити «Батпаган күн» деген маалыматында бүгүн улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн өлүмүнүн 79 – жылы, анын заманбап, демократиялык Түркия көз карашынын баасы күн өткөн сайын артып бара жаткандыгын жазган. Түрк калкы заманбап Түркиянын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктү урмат  - сый жана сагынуу менен эскерет. Жыл сайын  10 -  ноябрда болгондой Түркиянын төрт тарабынан ишеничи, көз карашы ар башка 7 жаштан 70 жашка чейин миңдеген мекендеш Атаны эскерүү үчүн бүгүн Аныткабирге келет. Президент Р. Т. Эрдоган 10 -  ноябрь үчүн жарыялаган билдирүүсүндө : «Гази Мустафа Кемал жол башчылык кылган эркиндик күрөшүбүз, жетишкен жеңиштер жана улутубузду орток бир идеанын тегерегинде бириктирип курган республикабыз менен бүткүл дүйнөнүн атын угузган каарман  аскер, урматтуу лидер»,- деди.

«Ватан» гезити «Жаңы бет ачылат» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын АКШда вице  - президент Майк Пенс менен жолугушкандыгын билдирген. Йылдырым  Вашингтондон Нью – Йоркко бара жатып учакта журналисттерге жолугушуунун абдан түшүмдүү өткөндүгүн, маселелердин сүйлөшүлгөндүгүн, эки тараптуу жана аймактык темалардын да каралгандыгын билдирди. Премьер  - министр Йылдырым : «Карым – катнаштарды жакшыртуу эрки бар. ФЕТӨ тууралуу так кадам ташталышы керек»,- деди. Ак үйдөн берилген биринчи билдирүүдө : «Эки өлкөнүн ортосунда жаңы бет ачылат»,- деп билдирилди.

«Йени шафак» гезити «БУУнун башкы катчысынан Түркияга рахмат» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырым АКШда БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш менен жолугушкандыгын билдирген. Йылдырым жолугушууга байланыштуу берген маалыматында : «Өзгөчө Түркиянын тегерегиндеги ыраатсыздыктар жараткан жыйынтыктардын жана качкын кризиси ортого салган жүктүн Түркия тарабынан көтөрүлгөндүгүн урматтуу башкы катчы айтты. Албетте бул жерде биздин күтүүбүз БУУга мүчө бардык өлкөлөрдүн бул жүккө орток болуулары»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркия жаңы спутниктер менен глобалдык күч болот» деген маалыматында 2020 – 2021 -  жылы жибериле турган Түрксат спутниктери үчүн кол коюлгандыгын билдирген. Белгилүү демилгечи Элон Масктын фирмасы учура турган спутниктер Түркияны глобалдык оператор кылат. Airbus менен Түрксат 5А жана 5В кабарлашуу спутниктеринин чыгарылышы жана учурулушун камтыган 500 миллион долларлык келишимге кол коюлду. Түрксат 5А спутнигинин 2020, 5В спутнигинин болсо 2021 – жылы SpaceX тарабынан  Falcon 9 ракеталары менен учурулушу күтүлүүдө. Спутниктердин  маанилүү бир бөлүгү Түрксат инженерлери тарабынан жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүлөт.

«Стар» гезити «Жергиликтүү автомобиль дүйнөдө да өндүрүлөт» деген маалыматында Түркиянын автомобиль проектисинде өндүрүүчү фирмалардын белгилүү болушунан кийин ишин ылдамдаткандыгын билдирген. Түркиянын бир топ облусу «Жергиликтүү автомобилдерди биздин облуста чыгаргыла» деп чакырып жатса, жарандык коом уюмдары  менен фирмалардан да  заказдар келе баштады. Жергиликтүү автомобиль тууралуу маалымат берген билим, өнөр жай жана технология минисри Фарук Өзлү жергиликтүү автомобилдин бир гана Түркияныкы эмес экендигин, мунун  дүйнөлүк проекти экендигин белгилеп : «Биз да бүгүн эл аралык бир топ фирманын кылганындай дүйнөнүн  ар кандай жерлеринде заводдорду курууну ойлойбуз»,- деди.



Тектеш кабарлар