Түрк басма сөзү 9.11.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

844055
Түрк басма сөзү 9.11.2017

«Хабер түрк» гезити «Түркияга инвестиция салынат» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдогандын, автомобиль гиганты Tesla жана космостук изилдөөлөрдү жүргүзгөн Space X команиясынын жетекчиси Илон Маскты кабыл алганын билдирген. Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, президент Эрдогандын ишкер Илон Маскты кабыл алуусунда Түрксат 5А жана 5В спутниктеринин космоско учурулуусу менен катар электр энергиясы менен жүрүүчү автомобиль, туруктуу энергетика, Tesla жана Space X компаниялары менен Түркиядагы ишканалардын биргелешкен иш-чаралары туурасында пикир алмашылганын айтты. Маск: «Түркияны инвестиция салына турчу өлкө катары көрөбүз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Виза башталгыч» аттуу макаласында премьер-министр Бинали Йылдырымдын АКШга сапарынын биринчи күнүндө АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комиссиясынын жетекчиси Боб Крокер менен жолугушканын жазган. Бүгүн АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен жолугуша турган Йылдырым үчүн тыгыз коопсуздук чаралары көрүлдү. Йылдырым сапарынын максатынын макулдашылбаган темаларда жылышка жетишүү экенин белгилеп: «Келээрде виза кадамы ташталды, бул башталгыч болуп саналат»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия, Франция жана Италиянын ортосунда коргоо өнөр жайы кызматташтыгы» деген маалыматында улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн барган Бельгияда, Франциянын куралдуу күчтөрү министри Флоранс Парли, Италиянын коргоо министри Роберта Пинотти коргонуу тармагында кызматташууну каалагандары жөнүндөгү декларацияга кол коюшкандарын белгилеген. Кол коюлган келишимге ылайык Түркия, Франция жана Италиянын ортосунда аскердик элетрондук системалар, программалык жана симуляциялык системалар, байланыш каражаттары менен катар абадан жана ракеталык коргонуу системаларынын биргелеше өндүрүлүшүндө кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү, ошондой эле технологиялык кызматташуу менен катар коргоо өнөр жайы кызматташтыгынын өнүктүрүлүшүн максаттап жатат.

«Йени шафак» гезити «Түркия ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин мүчөлүгүнө шайланды» деген маалыматында Франциянын борбор шаары Парижде уланып жаткан ЮНЕСКОнун 39-Конференциясында Аткаруу кеңешинин мүчөлөрү белгиленгенин билдирген. Түркия өткөрүлгөн шайлоодо 2017-2021-жылдар аралыгында Аткаруу кеңешинде орун алууга укуктуу болду. Түркияга ЮНЕСКОго мүчө 134 өлкө добуш берди.



Тектеш кабарлар