Түрк басма сөзү 23.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

832379
Түрк басма сөзү 23.10.2017

«Йени шафак» гезити «Бир түнү күтүлбөгөн жерден сокку урушубуз мүмкүн» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын Түркияны курчоого алууга аракет кылгандарды эскерткенин жазган. Эрдоган: «Биз менен стратегиялык өнөктөш болгондор, укугубузду урматтаган учурда биз да аларды урматтайбыз»,-деди. Стамбулда Адилеттик жана өнүгүү партиясы тарабынан уюштурулган Жаштар кеңешинде сөз сүйлөгөн Эрдоган, айрым шериктеш өлкөлөрдүн Сирия менен Иракта террордук мамлекет түзүүгө карата кадамдарын сынга алды. Эрдоган коопсуздук сөз болгондо Түркиянын ар түрдүү коркунучту жок кылуу үчүн кадам таштай турганын жана бул үчүн эч кимден уруксат албай турганын белгиледи.

«Ватан» гезити «Түркиянын чыгарган АТАК тик учары дүйнөдөгү эң мыктысы» деген маалыматында Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббасинин Түркиянын жергиликтүү аскердик тик учары Т129 АТАК менен Стамбулда сыноо учуусун ишке ашырганын билдирген. Аббаси тик учарда мактоо сөздөрүн айтып: «Өтө таасир берүүчү тик учар. Бул тик учар, бир пилот катары айта турган болсом дүйнөдөгү эң мыкты, эң таасирдүү аскердик тик учар. Пакистандын Куралдуу күчтөрү 4 жылдан бери бул тик учарды ар кандай шарттарда эң кеңири түрдө сынап көрдү жана биринчи орунда тандап тик учарды техникалык жактан жактырды жана ийгиликтүү деп тапты. Учурда келишим түзүү сүлөшүүлөрүбүз ылдам уланып жатат. Буюрса бул тик учарды сатып алып эң кыска убакта Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн инвентарына жайгаштырабыз»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия деңизде күчүн көрсөтөт» деген маалыматында Түркияга күч кошо турган 6 жаңы үлгүдөгү деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кеменин курула баштаганын билдирген. Суутек күйүүчү май технологиясы менен иштей турган деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кемелер толугу менен жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен Гөлжүктөгү кеме чыгаруучу ишканада курулат. Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли АКШнын жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДге курал-жарак жардамын көрсөтүп жатканына көңүл буруп: «Даярдыктарыбызды да, чара көрүүлөрүбүздү да ушул террордук уюмдардын бир күнү Түркияга карай кол салуу ыктымалдуулугу боюнча куруп жатабыз жана ошого жараша чара көрүп жатабыз. Буюрса чоң бөлүгүн 100 пайыз жергиликтүү коргонуу технологиябыз менен ишке ашырабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Туризмде Түркияга талап көбөйөт» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун алдыбыздагы сезон Европанын ар кайсы жеринен келген туристтердин санында өсүү болоорун, эмитеден эле талаптардын көбөйгөнүн айтканын жазган. Антальяда туризмчилер менен жолугушкан Чавушоглу: «Туристтер Түркияга келүүнү каалашат. Анткени туристтер үчүн бардык шарттар камсыздалат»,- деди.

«Стар» гезити «Анталья кинофестивалы башталды» деген маалыматында 54-Эл аралык Анталья кинофестивалынын шаңдуу ачылыш аземи менен башталганын билдирген.



Тектеш кабарлар