Түрк басма сөзү 20.10.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

831176
Түрк басма сөзү 20.10.2017

«Стар» гезити «Ишкерлерге Нигериядан чакыруу» деген маалыматында Нигериянын президенти Мухаммед БухарининТүркияга келгендигин билдирген. Бухари менен өткөргөн пресс – жыйында басма сөз кызматкерлерине маалымат берген Эрдоган Нигериянын өнүгүшүндө түрк фирмаларынын кызмат кылууга даяр экендигин баса белгилеп, башта электр болуу менен энергия тармагында кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышкандарын, Нигерияда жетерсиз рафинерия көлөмүнүн күйүчү май жана электр кыйынчылыгына себеп болгондугун, Түркия чоң тажрыйбага ээ болгон бул тармакта орток проектилерди өнүктүрлө аларын айтты.

«Хүррийет» гезити «Жоопкерчилигибиз толугу менен бирдей» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын Ирак күрт аймактык башкаруусунун 25 -  сентябрда өткөргөн мыйзамсыз элдик добуш берүү жана Ирак борбордук өкмөтүнүн кийлигишүүсүнөн кийин кечээ Ирандын президентинин биринчи орун басары Исхак Жихангирини Чанкая сарайында тосуп алгандыгын билдирген. Премьер  - министр Йылдырым : «Астана процесси жана андан кийин коопсуз аймактардын түзүлүшү бул жерлердеги араздашуунун азайтылыш тууралуу Ирак, Иран, Түркия жана Орусиянын инциативи алдыда Женева сүйлөшүүлөрүнүн да негизин түзөт»,- деди. Йылдырым : «Бул жерде статус алмаштыруу бир гана Ирак менен Сириянын жеринин бүтүндүгү үчүн эле коркунуч болбостон ошол эле учурда Иран менен Түркиянын да аймактагы кызыкчылыктарына коркунуч туудурат. Бул жактан аймактын келечеги тууралуу жоопкерчилигибиз Иран үчүн да Түркия үчүнда бирдей»,- деди.

«Сабах» гезити «ТРТ World Европадагы качкын балдардын үнү болот» деген макаласында ТРТ World маанилүү бир социалдык жоопкерчилик проектисине кол койгондугун жазган. ТРТ World адамзаттык борборго алып барган түшүнүк менен Еврпадагы качкын балдарга жардам колун узатууда. World Citizen деген ат менен башталган проекти менен балдарды качыруу, жыныстык зордуктоо жана орган соодасынын алдына өтүү максат кылынууда. TRT World  дүйнө көрүп, билген бирок үнсүз калган, жоголгон качкын балдар үчүн биринчи этапта Европадагы лагерлерде  китепчелерди таркатып, өздөрүн кандай коргоолору керектиги тууралуу качкын балдарга маалымат берет. Андан кийин даркетүү фильм жана мультфильмдер менен бул маалымат берүүнү бир кадам алдыга жылдырат.

«Ватан» гезити «Европа Биримдиги Түркия менен карым – катнаштарды күчтөндүрүүнү жактайт» деген маалыматында Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдиги лидерлери саммитинин биринчи күнүнөн кийин пресс – жыйын өткөргөндүгүн жазган. Меркель эч бир Европа Биримдиги өлкөсүнүн Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн үзүлүшүн каалабагандыгын белгилеп, Анкара менен диалогдун курулушун жактагандарын айтты. Меркель : «Кийинки кадам Түркия менен байланыш куруу болушу керек»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түркия Сириядагы коопсуздук чамбарын кеңейтүүдө» деген маалыматында Сириядагы террордук  коридору менен коркутууларды жок кылуу үчүн Евфрат калканын баштаган Түркия коопсуздук чамбарын кеңейтип жаткандыгын жазган. Азез, Жараблус жана Ел Бабды террористтерден тазалаган Түркия буга акыркы болуп Идлибди кошту. Эми Африн менен Мунбич үчүн күн саналып жатат. Пландоолорго караганда Евфрат калканы кеңейүү менен улантылат. Азез  - Жараблус  - Баб – Идлиб жолунда ишенимдүү коридор түзүлөт. Мүнбич жана Африндин да жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД мүчөсү террористтерден тазалануу менен коопсуз абалга алып келиниши менен бирге Түркия 911  километрдик Сирия чек арасынын 511 километрлик бөлүгүндө тартипти түзгөн болот.

 



Тектеш кабарлар