Түрк басма сөзү-17.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

829004
Түрк басма сөзү-17.10.2017

«Хүррийет» гезити «Түркиянын аба мейкиндиги Түндүк Иракка учууга жабылды» аттуу маалыматында Түркия, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрда Ирактын конституциясын бузуп мыйзамсыз көз карандысыздык референдумун өткөрүшүнөн кийин Керкүктө демографиялык түзүлүштү бузгудай кадамдарды таштоосунун себебинен ИКАБга аба мейкиндигин жапканын маалымдады. Мындан ары учактар Түркиянын аба мейкиндигин колдонуп ИКАБ орун алган аймактарга уча албайт. Ал жерден учкан учактар да Түркиянын аба мейкиндигин колдоно албайт. «Ибрахим Халил» чек ара капкасынын Ирак өкмөтүнө өткөрүлүшү темасында да иштер уланууда.

«Хабер түрк» гезити «АКШ менен Түркиянын ортосундагы виза кризисинин бүтүшү эки өлкөгө тең пайдалуу болот» аттуу маалыматында вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Түркия жана АКШнын карым-катнаштарынын мындан мурда абдан күчтүү сыноолордон өткөнүн, эч качан виза кризиси сыяктуу жагдайларга туш келбегенин айтканын жазды. Боздаг, Министрлер Кеңешинин жыйналышынан кийинки маалымдоосунда АКШ менен болгон кризиске сереп салды. АКШнын Анкарадагы элчисинин Вашингтонду туура маалыматтандырбаганын баса белгилеген Боздаг: «Туура маалыматтандырганда мындай чечим чыгарылмак эмес. АКШнын делегациясы Түркияда. Тышкы иштер, адилет жана ички иштер министрлеринин кеңешчи орун басарлары менен жолугуп абалды талкуулашат. Бул маселе жакында оң чечилет деп ойлоодобуз»,-деди.

«Сабах» гезити «Сомалинин жараларын Түркия айыктырат» деген маалыматында Түркия, бомбалуу кол салууда 300дөн ашуун кишисинен ажыраган Сомалинин кайгысын тең бөлүшүү үчүн иш-аракетин баштаганын жазган. Бардык жаралуулар Сомалидеги «Режеп Таййип Эрдоган» билим берүү жана изилдөө ооруканасына жаткырылып, 35 оор жаралуу болсо аскердик учак менен Анкарага алып келинди. Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен Тышкы иштер, Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтери, Түрк Кызылайы жана Башкы штаб төрагалыгынын кызматташуусу менен Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы АФАДдын координациясында Башкы штаб төрагалыгына таандык А-400М үлгүсүндөгү учак менен издөө-куткаруу иштеринде адистешкен 10 кишилик АФАД тобу менен 3 Түрк Кызылайынын кызматкери Могадишого жеткирилди. Саламаттык сактоо министрлиги да учак менен 10 тонна дары-дармек жана медициналык шайман алып барды.

«Ватан» гезити «Жергиликтүү дары-дармек фирмасы Европага экспортун баштады» деген маалыматында Түркиянын дары-дармек секторунун алдыңкы фирмаларынан Pharmactive Жакынкы Чыгыш, Балкан өлкөлөрү жана Азиядан кийин Европа өлкөлөрүнө да экспорт жасай баштаганын жазган. Pharmactive акыркы 2 жылдан бери эмгектенген жана өнүктүргөн дарыларын ЕБне мүчө 10 өлкөнүн саламаттык сактоо башкаруусунан уруксат алуу иштери бүтүрүлгөн соң базарларга сунуштайт. Бул өлкөлөрдүн арасында Германия, Испания, Италия, Нидерландия, Мальта, Португалия, Англия, Франция жана Венгрия бар.

«Йени шафак» гезити «Африканын тандоосу Tümosan трактор» деген маалыматында Түркия трактор сатууларында рекордго жетишүү күтүүсүнө киргенин маалымдаган. Өткөн жылы 72 миң даана сатылган трактор үстүбүздөгү жылдын алгачкы 7 айында 4,9 пайыздык сатууга жетишти. Түрк чыгарылышы болгон тракторлордун сапатына жана экспортуна көңүл бурган Tümosanдын башкы директорунун орун басары Серхун Олгун: «Өзгөчө Африкада түрк чыгарылышы болгон товарлар тандалууда»,-деди.



Тектеш кабарлар