Түрк басма сөзү 16.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

827648
Түрк басма сөзү 16.10.2017

«Стар» гезити «Бардык нерсеге карабастан Европа Биримдигинен баш тарткан жокпуз» деген макаласында вице-премьер Бекир Боздаг Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүгү үчүн аракет кылган өлкө экенин айтканын жазган. Боздаг: «1960-жылдан бери Европа Биримдигинин каалгасында күтүп келе жаткан экинчи өлкө жок. Жол тартууда оюндун ичинде эрежелер өзгөртүлгөн жана өзүнө каршы көп сандаган укуктук иш козголгон экинчи өлкө да жок»,-деди. Булардын бардыгына карабастан Түркиянын Европа Биримдиги процессинен баш тартпаганын белгилеген Боздаг, Түркия Европа Биримдигине күч кошот жана Европа Биримдигине мүчө болгон учурда да бул жерден күч ала турган өлкө болот. Эки тарапка тең «сен да пайдап мен да пайда табайын» принцибинин алкагында пайда алып келе турган процесс болуп саналат. Биз бул процессти ар түрдүү терс жагдайларга карабастан улантууга чечкиндүүбүз. Бул процесстен Түркия катары артка чегинүү ниетибиз жок»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия Сомалиге аскердик тез жардам учагын жөнөтүүдө» деген маалыматында борбор шаар Могадишодо бомба жүктөлгөн унаа менен болгон кол салууда жана Медина-и-Мюневвере аймагындагы бомбалуу кол салууда 231 кишинин каза болгонун, урандынын астында көп сандаган адамдын калганын билдирген. Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Сомалинин Могадишо шаарындагы террордук кол салууну катуу айыптагандарын белгилеп, каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи. Калын президент Эрдогандын буйругу менен медициналык жардам алып баруу жана жаракат алгандарды Түркияга алып келүү үчүн аскердик тез жардам учагынын Сомалиге жөнөтүлгөнүн билдирди.

«Ватан» гезити «Зайтун майында рекорддук өндүрүш» деген маалыматында Эдремит Айыл чарба палатасынын башчысы Жахит Четин: «Түркия ушул учурга чейинки тарыхындагы эң жогорку түшүмдү алып жатат. Зайтун майында дүйнө экинчисибиз»,- дегенин жазган. Четин Түркиянын быйыл 300 миң тонна зайтун майы түшүмүн ала турганын, алдыбыздагы жылдарда мунун дагы да көбөйөөрүн билдирди.

«Сабах» гезити «Түрк сериалдары Каннда бүгүн эл назарында» деген маалыматында Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен түрк сериалдары Францияда өтө турган эң маанилүү жарманкелердин бири MIPCOM-2017де бул тармактын эл аралык өкүлдөрүнүн назарына тартуулана турганын билдирген. Франциянын Канн шаарында быйыл 33чүсү уюштурулган «MIPCOM-2017 сериал, кино тасма, телекөрсөтүү жарманкесине» 4 миң 700дөн ашуун компания менен 15 миң сектордун өкүлү катышат.

«Йени шафак» гезити «Мага кыздары сыяктуу көңүл бөлүштү» аттуу макаласында Корея согушун түшүндүргөн «Айла» кино тасмасына тема болгон жана согушта түрк аскерлери тарабынан «Айла» деген ат коюлган кореялык Eunja Kimдин Стамбулга келгенин билдирген. Башынан өткөргөндөрдүн кино болоорун укканда кубанычтан ыйлаганын айткан Ким: «Мага ошол учурда абдан жакшы көңүл бөлүштү. Бул өлкө менин экинчи мекеним»,-деди.



Тектеш кабарлар