Түрк басма сөзү  06.10.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

821494
Түрк басма сөзү  06.10.2017

        

«Сабах» гезити «Бул сүйүүдөн баш тартат» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Ирандан кайтуусунда Ирак күрт аймактык башкаруусунун 25 -  сентябрда өткөргөн мыйзам тышы элдик добуш берүүгө байланыштуу маалымат берип : « Ал мыйзам тышы элдик добуш берүүгө жол бергендер албетте буга жооп беришет»,- дегендигин билдирген. Эрдоган : «Эмне кылып жатышкандарын билбей жатышат. Барзани бул сүйүүдөн баш тартат»,- деди.

«Ватан» гезити «Жаңы тактика» деген маалыматында ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 7 террорист тирүү кармалган Муглада бул жолу 5 террористтин  өлтүрүлгөндүгүн жазган. Ички иштер министрлиги бул тууралуу террордук уюм ПККнын Латакия аркылуу Эгей жана Жер Ортолук деңизге кирүүгө аракет кылгандыгын билдирди. Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да : «Террордук уюм акыркы метод катары Ирактын түндүгүнөн, Ирандан жана Афринден киргенден кийин башка бир метод издөөгө киришти»,- деди.

«Стар» гезити «Аракан өлүп жатат, дүйнө кайда калды» деген маалыматында үй – бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Каянын Аракан үчүн аялдардын Жарандык коом уюмунун өкүлдөрү менен жолугушкандыгын, дүйнөгө чакыруу салып : «Зулумчулук жана кысымдарды, күнөөсүз аялдар менен балдар тарткан кыйынчылыкты карап туруу менен эч ким цивилизациялашуу тууралуу сөз кылбасын. Дүйнө зулумчулукту көрбөй , укпай жатса да Түркия ал жердеги жапа чеккендерге жардам берүүнү улантат»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Флейта менен турмушу өзгөрдү» деген маалыматында балдар үйүндө чоңойгон Мерве Башоглу мугалиминен алган флейтаны абдан жактырып жана аны ойной баштагандыгын жана  турмушунун өзгөргөндүгүн жазган. Билкент университетинин флейта бөлүмүндө окуган Мерве эми болсо дүйнөнүн мыкты окуу жайларынан Франция Ницца консерваториясына кабыл алынды. Мерве үчүн Эмине Эрдоган жана үй  - бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая аракетке өттү.

«Хабер түрк» гезити «Бир гана жол жеңиш» деген маалыматында 2018 Орусия жолунда бүгүн кечинде 21:45те Исландия менен беттеше турган А улуттук курама команданын бир гана максаты жеңиш экендигин жазган. Беттешүүгө Польша футболдук федерациясынан Симон Маркиниак судья болот.



Тектеш кабарлар