Түрк басма сөзү-3.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

819341
Түрк басма сөзү-3.10.2017

«Стар» гезити «Аймактык тынчтык макулдашуусу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Иранга 4-октябрда жасай турган сапарынын алдында эки тараптуу жолугушуулар үчүн борбор шаар Тегеранга барган башкы штаб төрагасы Хулуси Акар менен ирандык кесиптеши Мухаммед Бакиринин биргелеше маалымат берип, «Бардык темада толук макулдаштык»,дегенин баяндаган. Макулдашылган темалардын арасында Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрдагы мыйзамсыз көз карандысыздык референдумунун себебинен киргизиле турган санкциялар, учурдагы коркунуч жана рисктерге каршы аскердик тармакта кызматташтык, терроризм менен күрөшүү жана чек ара коопсуздугу сыяктуу темалар орун алды.

«Йени шафак» гезити «Аба жолу фирмалары банкрот болуп жатканда, Түрк аба жолдору жогорулоодо» деген маалыматында Аба жолдору фирмаларынын арасында барган сайын арткан атаандаштык, авиация секторуна да чагылышканын жазган. 2008-жылдагы кризистен кийин жогорулаган чыгымдар жана азайган жүргүнчү саны 9 жылдын ичинде аба жолу фирмаларынын көпчүлүгүнүн банкрот болушуна себепчи болду. Кечээ банкрот болгонун жарыялаган Англиянын Monarch Airlines фирмасы болсо 2017-жылдын ичинде банкрот болгон төртүнчү фирма болду. Аба жолу фирмалары экономикалык кризис менен алп урушуп жатканда Түрк аба жолдору фирмасы жүргүнчү жана учак санын көбөйтүүсүн улантууда. Европалык чоң фирмалар банкрот болгонун жарыялап жатканда Түрк аба жолдору 2017-жылдын август айында рекордго жетишип 84,3 пайыздык тотуралык катнашына жетти. Фирма өткөн айда 40 даана кеңири борттуу учак ала турганын жарыялап, өсүүсүн уланта турганынын белгисин берди.

«Ватан» гезити «Түркия Европа менен Азиянын ортосунда көпүрө милдетин аткарууда» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Түркиянын аймактык жактан жана ошондой эле маданий бирикмеси жагынан Европа менен Азиянын ортосунда көпүрө милдетин. Аткарып жатканын айтканын баяндаган. Стамбулдагы Эл аралык Жумуш Уюмунун 10-Европа аймагынын жыйналышынын ачылышында сөз сүйлөгөн Йылдырым: «Түркия цивилизациялардын кагылышуусуна бөгөт болгону сыяктуу кездешүүсүнө да мүмкүнчүлүк түзүүдө. Чыгыш менен Батыштын ортосундагы убак-убагы менен өзгөргөн экономикалык өткөөлдүктү да көпүрө милдети менен камсыздаган болот»,-деди.Түркиянын учурда дүйнөнүн эң чоң аэропортун салып жатканын эске салып, «Бул өлкөдөн 3 сааттык учуу менен дүйнөнүн 56 өлкөсүнө жете аласыз. 30 триллион доллардык жылдык экономикалык капитал айланган өлкөдө жыйналыш өткөрүүдөсүздөр»,-деп кошумчалады.

«Сабах» гезити «Түркия коргоо өнөр жайында чет өлкөгө көз карандылыктан кутулууда» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Нуреттин Жаниклинин террор менен күрөшүү сыяктуу орчундуу мезгилде НАТОго мүчө айрым дос жана шериктеш өлкөлөрдүн Түркияга акчасын накталай төлөгөнгө даяр болсо дагы курал сатпаганын белгилеп, жергиликтүү курал жасап чыгаруунун маанисин баса белгилегенин баяндаган. Кургактык аскердик окуу жайынын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Жаникли, Түркияга курал сатпаган бул өлкөлөрдүн террордук уюмдарга болсо бекер курал бергендерин айтты. Түркиянын өз коргоо өнөр жай системаларын өнүктүрүүгө ушул себептен мажбур болгонун баса белгилеген Жаникли, акыркы жылдарда коргоо өнөр жайы жаатында тышка көз карандылыктын чоң өлчөмдө азайганын белгилеп кетти.

«Хабер түрк» гезити «Moody's жана Fitchтин Түркия жарыясы» аттуу маалыматында эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Moody's Түркиянын орто мөөнөттүү программадагы 5,5 пайыз болгон өсүү максатын оптимист катары мөнөздөдөгүнүн жазган. Башка бир насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Fitch болсо 3-чейректе Түркия үчүн 2017-жыл өсүү божомолун жогорулатты. Fitch 3-чейректе түрк экономикасындагы өсүүнүн 7 пайыздан жогору болушун күткөндөрүн жарыялады.



Тектеш кабарлар