Түрк басма сөзү 25.09.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

813438
Түрк басма сөзү 25.09.2017

«Йени шафак» гезити «Түркия экономикалык өсүүдө 7 пайызга жетет» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын түрк экономикасынын өсүүсүнө көңүл буруп: «Үчүнчү чейректе 7 пайыздык өсүү көрсөтөбүз»,-дегенин жазган. Түркиянын өз аймагында стабилдүүлүктүн аралы экенин баса белгилеген Йылдырым, түрк экономикасындагы өсүүгө көңүл буруп: «Түркия 2017-жылдын биринчи чейрегинде 5 пайыз өстү. Ал эми экинчи чейректе өсүү 5,2 пайыз болду»,-деди.

«Ватан» гезити «Боинг түрктөшөт» деген макаласында экономика министри Нихат Зейбекчинин Боингди түрк компаниясына  айландырууну каалагандарын белгилеп: «Бир гана учак сатып алууну каалабайбыз, бөлүктөрүн жасоого талапкербиз»,-дегенин жазган. Зейбекчи Боинг менен Нью-Йоркто өткөрүлгөн сүйлөшүү туурасында: «Боингдин камсыздоо тизмегине жараша түрк компанияларын түзүп, Боингди түрк ишканасына айландыруубуз керек. Биз бир гана Боинг учак сериасын чыгаруу эмес, ошол технолгия, түшүнүк жана изилдеп-өнүктүрүү аркылуу камсыздоо тизмегинин бир бөлүгү боло турчу түрк ишканаларын курушубуз керек. Бул темада алар менен макулдаштык»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Мерсинде цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорту башталды» деген маалыматында Түркиянын лимон өндүрүмүнүн чоң бөлүгүн камсыздаган Мерсинде цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорту башталганын билдирген. Талаптын көп болушу өндүрүүчүнү кубандырды. Цитрус өсүмдүктөрүнүн алдыңкы шаарларынан Мерсин, өткөн жылы 587 миң тонналык лимон өндүрүмү менен Түркияда биринчи орунду ээлеген. Цитрус өсүмдүктөрүнүн өндүрүмү жалпы 1 миллион 52 миң тонна болду. Быйыл жана андан кийинки жылдардагы узак мөөнөттүү максат 1 миллион тоннасы лимон болуп жалпы 1,5 миллион тонналык цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүү. Лимондун чоң бөлүгү Орусия жана Араб өлкөлөрү менен катар 20га жакын Европа Биримдиги өлкөсүнө экспорттолот.

«Сабах» гезити «Рулда түрктөр бар» аттуу макаласында 5 материкте 193 өлкөгө экспорт кылган Түркиянын автоунаа сектору, дүйнөдөгү ири компанияларга жетекчилерди да экспорттоп жатканын билдирген. Көптөгөн түрк жетекчи дүйнөнүн төрт тарабында жогорку даражалуу жетекчи катары иштеп жатат. Түрктөр дизайндан маркетингге, байланыштан сатып алууга, тейлөөдөн товар өндүрүүгө чейин автоунаанын бардык тармагында кызмат кылышууда. Ири автоунаа комапанияларына трансфер болгон жетекчилер, ошол эле учурда чет өлкөдө Түркиянын авто унаа тармагынын элчиси катары эмгектенип жатышат.

«Стар» гезити «Түрктөрдүн алгачкы атласы Норвегияда экени аныкталды» деген маалыматында Норвегиянын улуттук китепканасындагы жертөлөдө көптөгөн жылдардан бери сакталып келген атластын, түрктөр менен мусулмандардын биринчи басылып чыккан атласы «Жедид атлас котормосу» (1803) экени белгиленгенин билдирген. Китепканада иштеген Андерс Квернберг, 1803-жылы Осмон империясынын борбор шаары Стамбулда 50 даана гана басылып чыккан жана учурда дүйнөдө саналуу көчүрмөсү болгон атласты социалдык медианын жардамы менен аныктады. Атластын фотосүрөтүн социалдык бөлүшүү планфоромасы Реддитте бөлүшкөн Квернберг, бир колдонуучунун негизинде китептин атынын «Жедид атлас котормосу» экенин билди. Квернберг жертөлөгө аны кайрадан карап келүү үчүн барганда чыныгы эски кагаз жана тери экенин, бир эле жолу басылып чыкканын жана кайрадан басылып чыкпаганын байкады. Атластын дүйнөдө 14 көчүрмөсү бар.



Тектеш кабарлар