Түрк басма сөзү-19.09.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

810130
Түрк басма сөзү-19.09.2017

«Хүррийет» гезити «Стамбул БУУнун борбору болсун» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын БУУнун имаратынын маңдайында орун алган жаңы Түркеви имаратынын пайдубал түптөө аземинде сөз сүйлөгөнүн жазган. Эрдоган БУУнун өзгөргөн шарттарга шайкеш келе алышы үчүн реформадан өтүшү керектигин белгилеп, «Быйыл реформа күн тартипке алынат, бирок структарлык реформа аракетин көрбөй жатабыз. Эң негизгиси БУУнун структрасынын реформаланышы. Стамбулдун БУУнун борбору болушун сунуштадык. Адам баалуулуктарына таянган тышкы саясатыбыз жана дипломатиябызды күчтөндүрүш үчүн бул борбор максаттабызды орундатат»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чек ара эскертүүсү» аттуу маалыматында президент Эрдогандын 22-сентябрда Улуттук коопсуздук кеңешинде катуу чечимдер чыгарыла турганынын белгисин бергенден кийин, кечээ да премьер-министр Йылдырымдын Шанлыурфадан эскертип: «Жасалма мамлекет болууга аракет кылгандар, керектүү жооптуу дароо алат»,-дегенин баяндаган. Йылыдымдын «Түркия чечкиндүү, кымындай да тайсалдабайбыз» деген эскертүүсүн кылган күнү Түрк куралдуу күчтөрү да Шырнакта, Ирак чек арасында 100 чакты танка, пушка жана зооттолгон унаа менен ИКАБдын төрагасы Барзанини «сестентүү» ниетинде машыгуу баштады.

«Сабах» гезити «Түркия 5,5 пайыздан да жогору өсүү көрсөтөт» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын жылдын акырында экономиканын 5,5 пайыздан да жогору өсүү көрсөтө турганын белгилеп, жумуш орундарын ушундай түрдө арттыра ала тургандарын айтканын маалымдаган.

«Стар» гезити «Азык-түлүктөр чоң иш-чарада көрсөтүлөт» деген маалыматында өз тармагында дүйнөнүн эң чоң жарманкеси болуу максаты менен уюштурулган «CNR Food İstanbul» 20-сентябрда эртең каалагаларын ача турганын жазган. Жарманке Түркияда алгач ирет азык түлүк, пакеттөө, сактооо жана үйдүн тышындагы кардар секторлорун бир күндө бир чатыр астында чогултат. 23-сентябрга чейин CNR Food İstanbul жарманкеси Йешилкөйдө ачык болот. Жарманкеде 4 күн бою дүйнөдөгү дөө-шаа фирмалар өз товарларын таанытуу мүмкүнчүлүгүн табышат. Ошондой эле ар кайсы тармактын муктаждыгына жараша азык-түлүк сатып алуу, контракт түзүү мүмкүнчүлүктөрү болот. Жарманкеге АКШ, Германия, Англия жана Франциядан баштап 45 башка өлкөдөн 1500 фирманын жооптуу кызматкерлери катышат.

«Йени шафак» гезити «Жаңы катышуу банкчылыгы келе жатат» деген маалыматында Түркияда катышуу банкчылыгына кызыгуу барган сайын артып баратканын жазган. Зираат катышуу жана Вакыф катышуу бул сектордо чоң кемчиликти толтурду. Катышуу банкчылыгынын кеңсе саны миңге жетти. Бул банктарда 14867 киши жумуш менен камсыздалды. 2017-жылдын 7-сентярбрынан тарта сектордун чогулткан фонд көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга өсүп 96 миллиард 674 миллион түрк лирасына жетти. Быйыл 20 пайыздан жогору өсүү көрсөтүшү күтүлгөн катышуу ыкмасына, башка банктардын да кире турганы айтылууда. Алабанк, Түрк соода банкы жана Эмлак банктын катышуу банкы түрүндө кайрадан ачылышы күн тартипте.

 



Тектеш кабарлар