Түрк басма сөзү-14.09.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

807307
Түрк басма сөзү-14.09.2017

«Йени шафак» гезити «С-400 келишими ичтерин күйгүздү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Шаар башчыларынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө Орусия менен түзүлгөн С-400 келишимине токтолгонун малымдаган. Эрдоган: «Маанилүү кадамдарды таштоодобуз, бул жерде бир С-400 келишимин түздүк деп ичтери күйүп жатат. Эмне кылыш керек эле? Сизди күтүп олтура беребизби? Биз да өз коопсуздугубуздун чарасын көрүшүбүз керек. Бардык коопсуздук темасында чараларыбызды көрүүдөбүз жана көрөбүз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «АКШдан ЙПГга жашыруун курал жөнөтүлдү» деген маалыматында «Foreign Policy» журналында чыккан айтымдарга караганда АКШнын Сирияда ДЕАШка каршы жикчил террор уюму ПККнын бул аймактагы уландысы ЙПГга жана буга окшогон уюмдарга 700 миллион доллардык курал жөнөткөнүн маалымдаган. Анда бул сандын 5 жылда 2,2 миллиард долларга жетиши көздөлгөнү белгиленген. Мурдагы Советтик куралдарды Чыгыш блогунда кылмыш уюмудары менен байланышы болгон фирмалардан алып инвентарына кошкон Пентагондун, бул жардамды эл аралык текшерүүдөн жашырып далилдерди жашырганы алдыга коюлду.

«Стар» гезити «Жергиликтүү симулятор сыймыгы» деген маалыматында Түрк аба жолдорунун салынып бүткөн Учуу билимин берүүчү борборунун ачылышы жасалганын баяндаган. Ачылышта күтүлбөгөн окуя да болду. HAVELSAN менен түзүлгөн кызматташтыктын алкагында аткарылган Түркиянын алгачкы улуттук учуу симулятору да сыналды. Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Афжы, симулятордун прототип экенин жана сериялуу жасап чыгарууга өтүлө трурганын айтты.

«Хүррийет» гезити «Бүркүттүн дастаны» аттуу маалыматында Бешикташтын УЕФА чемпиондор лигасына мыкты баштаганын жазган. Алгачкы беттешүүсүндө Португалияда алардын командасы Портону 3-1 эсебинде утуп алган Бешикташ, Стамбулга 3 балл менен кайтты. Бешикташтын голдорун Талиска, Женк жана Бабел киргизди.



Тектеш кабарлар