Түрк басма сөзү 25.08.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

796551
Түрк басма сөзү 25.08.2017

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу Тилленсон менен сүйлөштү» деген маалыматында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун америкалык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Телефон сүйлөшүүсүндө Ооганстан, Ирак жана Сирия маселелери каралды.

«Стар» гезити «Биринчи 6 айдын ичинде Стамбулга жарым миллион германиялык турист келди» деген маалыматында маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш бардык терс чакырыктарга карабастан Стамбулга жылдын биринчи 6 айында жарым миллион немис туристтин келгенин билдиргенин жазган. Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берген Куртулмуш, Германиядагы бардык кара пропагандаларга жана Түркияга барбагыла деген чакырыктарга карабастан германиялыктардын Түркиядан баш тартпагандарын айтты.

«Стар» гезити «Түркиянын Оскар талапкери «Айла» болду» деген маалыматында режиссер Жан Улкайдын «Айла» аттуу киносу Түркиянын Оскар талапкери болгонун билдирген. Четин Текиндор, Исмаил Хажыоглу жана Ли Киунг Жин башкы каармандары болгон кинодо Корея согушунда болгон трагедиялуу окуя түшүндүрүлүүдө.

«Ватан» гезити «Алтын кыз Ирем Яман» аттуу маалыматында Университеттердин жайкы олимпидалык оюндарында улуттук тхэквондочу Ирем Яман кыздар арасында 62 килограмм салмакта алтын медалга ээ болгонун билдирген. Тайвандын борбор шаары Тайпейде өтүп жаткан оюндарда Ирем Яман түштүк кореялык атаандашы Jisoo Moon менен таймашты. Атаандашын 13-2 эсебинде жеңип алып, алтын медалга ээ болгон улуттук спортчу Ирем Яманды президент Режеп Тайип Эрдоган да куттуктады.



Тектеш кабарлар