Түрк басма сөзү-17.08.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

792126
Түрк басма сөзү-17.08.2017

«Ватан» гезити «Бештепеде үчтүк жыйын» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирандын башкы штаб төрагасы Мухаммед Бакирини президенттик комплексинде кабыл алганын жазган. Бакиринин Анкарадагы жолугушууларынын алкагында коргоо министри Нуреттин Жаникли жана Чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан менен жолукту. Бакири менен жолугушууларда эки тараптуу аскердик кызматташтык менен катар Сириядан баштап аймактык абалдар, террор менен күрөшүү жана Түркия-Иран чек арасына салынган коопсуздук дубалы сыяктуу темалар каралганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Президент бир күндүк сапар менен Иорданияга барат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган 21-августта Иорданияга бир күндүк иш сапары менен барат. Иорданиянын королу 2-Абдуллах менен жолугуша турган Эрдоган эки өлкөнүн карым-катнаштары менен катар Сирия, Ирак жана Палестинадагы абалдары карап чыгышат.

«Йени шафак» гезити «НОТА бердик» аттуу маалыматында 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинде Футллахчы теророр уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн жасалма аба күчтөрү имамы, качкын Адил Өксүздүн Германияда көрүнгөнү жөнүндө кабарлар боюнча Түркия Германияга нота берип кабарлардын тууралыгынын иликтениши жана Өксүздүн ал өлкөдө жүргөнүнүн белгилеген учурунда кармалып Түркияга кайтарылышын талап кылганы маалымдалды. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «ФЕТӨ качкыны Адил Өксүздүн Германияда жүргөнү, ал эмес кайда жашаганы жөнүндө айрым кабарлар чыга баштады. Биз да Тышкы иштер министрилиги катары Германияга расмий нота бердик. Бул кишинин бар болсо Геманияда белгилениши жана тез арада кармалып Түркияга кайтарылышын талап кылдык»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Карым-катнаштарды оңдойлу» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым Европа Биримдигинин кезектешкен жетекчиси Юри Ратасты Чанкая резиденциясында кабыл алганын жазган. Жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү. Өкмөт башчы Йылдырым, Европа Биримдигинин сириялык баш калкалоочулар үчүн бөлүнгөн 3 миллард еваролук фонддун 800 миллиондук тилими келгенин белгиледи. Өкмөт башчы Йылдырым процесстин ылдамдатылышы туурасында колдоосун талап кылдык деди.

«Хүррийет» гезити «Жогорку лига үчүн кылдат иштөө» аттуу маалыматында экономика боюнча жооптуу жетекчи орун басары Жевдет Йылмаз: «Экомокикада 15 жылда маанилүү кадамдар ташталганын, бирок муну жетиштүү деп таппагандарын белгилеп, «Түркияны жаңы секирикке муктаждыгы бар»,-деди. Максаты Түркияны жогорку айлыктуу өлкөлөр лигасына жеткирүү болгонун, кылдат иштер аткарыла турганын баса белгилеген Йылмаз, «Бул үчүн бардык тармакта дагы кылдат саясат жүргүшүбүз керек. Эми макро саясаттар жетпейт. Мындан ары микро темалар боюнча да көп иштейбиз», деп айтты.

 



Тектеш кабарлар