Түрк басма сөзү-10.08.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

787729
Түрк басма сөзү-10.08.2017

«Йени шафак» гезити «Акча ырааттуулук жана коопсуздукка келди» аттуу маалыматында илим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлүнүн, түздөн-түз чет өлкөлүк инвестициянын коопсуз өлкөлөрдү издегенин белгилеп, 2016-жылы Түркияга 12,1 миллиард доллардык түздөн-түз инвестиция киркенин айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити «Түркия саламаттык сактоо туризминде алгачкы 5 өлкөнүн арасына кирди» аттуу маалыматында саламаттык сактоо инвестициялары коомунун төрагасы др. Ихсан Шахиндин «Эл аралык бардык атаандаштарга карабастан Түркиянын бул тармактагы өнүгүүсүнө тоскоолдук жок»,-дегенин баяндаган. Саламаттык сактоо туризмине карата дүйнө боюнча жасалган инвестиция жана таанытуулардын жакшы жыйынтыктарды бергенин белгилеген др. Шахин: «Дарылануу максаты менен келген турист саны күн өткөн сайын көбөйүп уланууда»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Мамлекет акча басууда» деген маалыматында мамлекеттик мекемелер 2016-жылы ушул убакка дейре көрүнбөгөндөй түрдө киреше тапкандарын маалымдаган. Мамлекеттин кирешесинин жалпы суммасы 2,7 миллиард лирадан 17,4 миллиард лирага женткенин жазган. Мамлекет 25 мамлекеттик мекеменин тапкан кирешеси менен катар Борбордук банк жана мамлекеттик банктар менен ошондой эле мекемелер жана башка өнөктөштөрүнөн бардыгы 15,9 миллиард лира киреше үлүшүн алды.

«Стар» гезити «Аба транспортунда Европа лидери болдук» аттуу маалыматында Түркия Европада биринчиликке чыкканын баяндаган. Транспорт министри Арслан: «Түркия, июль айында учуп-конуу жагынан учак кыймылдуулугунда Европа аба мейкиндигине күнүгө орто эсеп менен 283 жаңы транспорт кошуп Европада 1-орунга жайгашты»,-деди.

«Ватан» гезити «Түрк куралдуу күчтөрү жаңы учакты инвентарына кошот» деген маалыматында Түрк кураллдуу күчтөрүнө CASA CN-235 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактары менен бир класста орун алган 6 жаңы учак алынаарын жазган. Кургактык күчтөрүнүн колдонуусу үчүн бериле турган учактар, кызматкер жана материал өткөрүү менен абадан кургактыкка ракета атуу өзгөчөлүгүнө ээ болот.



Тектеш кабарлар