Түрк басма сөзү 8.08.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

785681
Түрк басма сөзү 8.08.2017

«Стар» гезити «Инвестициянын 70 пайызы Европадан» деген маалыматында дүйнөдө геосаясий коркунучтар жана туруксуздуктун таасири менен Эл аралык түздөн-түз инвестиция агымы өйдө-төмөн кетип баратканда, Түркияга жылдын 5 айында 5 материктен инвестиция келгенин билдлирген. Беш материктен келген инвестициялар менен жылдын биринчи 5 айында Эл аралык түздөн-түз инвестициянын көлөмү 11 пайыз өсүп 4,7 миллиард долларга жетти. Түркиянын салттык эл аралык инвестиция булактары болгон Африка жана Европадан келген инвестицияларда азаюу көрүлбөсө, Булуң өлкөлөрү жана Ыраакы Чыгыш Азиядан инвестицияларда өсүү болду.

«Сабах» гезити «Түркия шамал энергетикасында Европада төртүнчү» деген маалыматында Түркия шамал энергетикасында январдан июнга чейинки 377 мегаваттык кубаттуулук менен Европада төртүнчү орунду алганын билдирген. Европанын шамал энергетикасы биримдигинин билдирүүсүнө караганда, Европада жылдын биринчи алты айлык мезгилинде жалпы 6 миң 100 мегаваттык шамал кубаттуулугу системага кошулду. Бул мезгилде Германиянын Европада 2 миң 200 мегаваттык шамал кубаттуулугу менен биринчи орунду ээлесе, 1 миң мегаватт менен Англия экинчи жана 492 мегаватт менен Франция үчүнчү болду. Түркия болсо 377 мегаваттык шамал кубаттуулугу менен Европада төтүнчү орунду ээледи.

«Хабер түрк» гезити «Кытай 2018-жылды Түркия туризм жылы деп жарыялады» деген маалымытында Түркиянын саякат агенттиктери биримдигинин мүчөсү болгон жана Кытай Эл Республикасы менен иштешкен агенттиктер, 2018- жылдын Кытайда «Түркия Туризм жылы» деп жарыяланышынын негизинде өткөрүлгөн жыйында жолугушушкандарын жазган.

«Стар» гезити «Айвалык зайтунун Гонг-Конгго алып барды» деген маалыматында Балыкесирдин Айвалык районундагы бир компания, ушул жылдын алты айында Гонг-Конгго 150 миң долларлык зайтун, зайтун майын жана самынын, зайтун варениясын, сүтүн, локумун жана зайтун атырын экспорт кылганын билдирген. Түркия жана чет өлкөдө катышкан сынактарда өзү өндүргөн зайтун майы менен сылыктарга ээ болгон компаниянын 4-муун өкүлү Мустафа Күрлек, ата-баларынан калган чакан ишкананы чоңойтууну максаттагандарын айтты.

«Хүррийет» гезити «Рамилдин ийгилиги» деген маалыматында Лондондо өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатта Түркияны өкүлдүк кылган улуттук спортчулардан Рамил Гулиев эркектер арасында 200 метрде жарым финалга чыкты. Улуттук атлет Гулиев эртең финалда чуркайт.



Тектеш кабарлар