Түрк басма сөзү 7.08.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

785075
Түрк басма сөзү 7.08.2017

«Хабер түрк» гезити «Түркия АСЕАНга өнөктөш» деген маалыматында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү биримдигинин (АСЕАН) 50-жыйыны үчүн барган Филиппинде: «Түркия расмий түрдө АСЕАНдын сектордук диалог өнөктөшү болду. Жол картабыз ыраазычылык менен кабыл алынды. Саясий жана мекемелик жактан бул аймактардагы өлкөлөр менен карым-катнаштарыбыз дагы да бекемделет. Ишкерлерибиз үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөр түзүлөт»,- деп айтканын жазган.

«Сабах» гезити «Түштүк-Чыгышта укмуштуудай өзгөрүү» деген маалыматында жикчил террордук уюм ПККнын баррикадарынан тазаланган Диярбакыр, Шырнак, Жезбе, Силопи, Нусайбин жана Йүксековада эми жаңылоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Мэриялардын акчалары ПККга эмес элдин муктаждыктарына кете баштагандыктан кыска мөөнөттүн ичинде заманбап көрүнүшкө айланды. Кыйрандыга учураган шаарда жүрүп жаткан долбоорлор  аркылуу таза суу түтүктөрү жаңыланып, көчөлөр асфальттанды, жаңы мектептер жана паркатар курулду.

«Ватан» гезити «Соода борбору эмес жарманке аянтчасы болот » деген маалыматында Стамбулдагы үчүнчү аэропорт тейлөөгө ачылгандан кийин «Ататүрк» аэропортунун абалы эмне болоору жөнүндө маалымат берген транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан: «Стамбулду жеңилдетет. Терминалдар жарманке аянтчасы болот. Ал жер курулушка ачылып жаңы соода борборлору жана турак жайлар салынбайт»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Үйгө кайтуу терапиясы» деген маалыматында «Евфрат калканы» операциясы аркылуу ДЕАШтан тазаланган Эль Баб, Жераблус-Азез аймактарына жергиликтүү сириялыктардын кайра катуусу уланып жатканын билдирген. Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министрлиги менен БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын кызматкерлери Сирияга кайткысы келген аялдар, балдар жана үй-бүлөлөргө жашоо шарттары туурасында маалымат беришип, психологиялык жактан колдоо көрсөтүп жатышат. Түркияга баш калкалаган 3,5 миллион сириялыктын коомдук интеграциясы үчүн да иш-чаралар уланууда.

«Йени шафак» гезити «Атактуулар Түркиядан баш тартышкан жок» деген мааламында Мугланын Бодрум районунда чет өлкөлүк ишкерлер, актерлор, саясатчылар, королдор, актрисалар сыяктуу көптөгөн белгилүү адамдардын эс алып жаткандарын билдирген.  



Тектеш кабарлар