Түрк басма сөзү-3.08.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

783127
Түрк басма сөзү-3.08.2017

“Хабер түрк” гезити “3 командир алмашты” аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым жетектеген Жогорку аскердик кеңеште кызмат мөөнөтү 2019-жылы толо турган Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Хулуси Акардын позициясы өзхгөртүлбөгөнүн маалымдаган. Гезит, Кургактык күчтөрү командирлигине армия генералы Яшар Гүлер, Деңиз күчтөрү командирлигине корпус адмиралы Аднан Өзбал, Аба күчтөрү командирлигине армия генералы Хасан Күчүкакйүздүн дайындалганын жазган.

“Сабах” гезити “Түркияга ишенимдин көрсөткүчү “үч” кол тамга” аттуу маалыматында Түркиянын экономикадагы коопсуз порт болушу, Эксимбанктын үч орчундуу кол тамгасына чыгалышканын жазган. Кытайдан 200 миллион доллардык насыя алган, Лондондо болсо 635 миллион доллардык кол койгон банк, Улуу Британиянын Экспорт кеңешчилиги менен кызматташууда. Банк, июль айында мөөнөтү толгон сендикациялык насыясын 110 пайызга жаңылады. Насыя Европадан 9, Ырааккы Чыгыштан 8, Түркиядан 4 жана Перс булуңу өлкөлөрүнөн 2 болуп бардыгы 23 банк менен финансылык түзүлүшкө катышуу камсыздады. Айрыкча 4 банк, Түрк эксимбанктын евро сендикациясына алгач ирет кошулду.

“Стар” гезити “Балык өстүрүүдө Грециядан озуп өттүк” деген маалыматында 2000-жылдан тарта балык өстүрүү боюнча маанилүү өсүүнү көрсөткөн Түркия, акыркы жылдарда инвестицияларын көбөйтүп Европанын эң алдыңкысы болгон Норвегиядан кийин экинчи орунга жайгашканын маалымдаган. 1 миллион тонна балык өстүрүү менен Европада биринчи орунда турган Норвегиядан кийин 260 миң тонна менен Түркия орун алды. Греция болсо үчүнчү орунга түштү.

“Йен шафак” гезити “Палестиналык режиссер калыстар тобунун жетекчиси болду” деген маалыматында 54-Эл аралык Анталья кино фестивалынын калыстар тобунун жетекчилигине Элия Сулейман дайындалганын жазган. Европадагы маанилүү фестивалдардан сыйлык алып кайткан палестиналык режиссер, Канн баш болгон бир топ фестивалдын калыстар тобунда орун алды. Анталья кино фестивалы 21-27-октябрь күндөрүнүн арасында болот.

“Ватан” гезити “Улуттук курама команда Луческуга аманат” деген кабарында Фатих Теримден кийин Түркия Футбол федерациясы улуттук курама команданы машыктыра турган ысымды да дароо белгилегенин маалымдаган. Шенол Гүнеш менен болгон сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай калган соң багыт түрк футболунда Галатасарай жана Бешикташ менен чемпиондукка жетишкен Мирча Луческуга бурулганын жазган. Йылдырым Демирөрен кечээ Румынияга барып тажрыйбалуу машыктыруучу менен 2+1 жылга келишим түзүп келди. Эртең расмий кол коюлуп, Луческу кызматын баштайт.



Тектеш кабарлар