Түрк басма сөзү-21.07.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

775326
Түрк басма сөзү-21.07.2017

«Стар» гезити «Эрдоган, Акса мечитине кирип чыгууларга чектөө коюлушу кабыл алынгыс» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилдин Палестинага карай укуктарды бузуулары тууралуу Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен сүйлөшүү өткөргөн жазган. Анда Изриалдин Иерусалимден баштап укуктарды бузууларын күчөтүшү санааркатканы баса белгиленди. Акса мечитине кирүүгө чектөөлөр коюлушу кабыл алынгыс экенин белгилеген Эрдоган, Иерусалимдин жана Хареми Шарифтин исламдык негизинин жана ыйыктыгынын сакталышынын бүткүл Ислам дүйнөсү үчүн маанилүү экенине көңүл бурду.

«Сабах» гезити «Террористке кучак жайган эки жүздүү Германия» аттуу маалыматында Германиянын Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана ПККга мүчө террористтерди коргоого алышы менен Түркия жана Гермяниянын ортосунда башталган чыңалуу уланып жктанын маалымдаган. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жарыясында Германиянын Түркиянын тынчтыгын бутага алган террор уюмдарына өз жерлеринде көз жумганына көңүл бурду. Анда бир жагынан өлкөбүздө террор кылмышы менен камакка алынган же кармалган кишилердин сотко чыгарылбастан эркин кое берилиши сыяктуу кабыл алынгыс талаптарды кылып жатат деп айтылды. Карым-катнаштардын коркутуу, үркүтүү менен жүрбөй турганы билдирилди.

«Йени шафак» гезити «Кипр улуттук маселебиз» аттуу макаласында премьер-министр Бинали Йылдырымдын көпкө созулган аракеттердин натыйжасында эки жолу чогулган Бириккен Улуттар Уюмунун жакшы ниет миссиясынын алкагында иштерин уланткан Кипр конференциялары менен жыйынтыкка жетишүү мүмкүн болбой турганы жана румдардын да ушундай чечим табууга даяр болбогону так түрдө түшүнүктүү болгонун айтканын баяндаган. Кипр Тынчтык кыймылынын 43 жылдыгынын мааракесинде атуулдарга кайрылган Йылдырым, бул кыймылдын бурулуш жер болгонун, бул кыймылдын Түркиянын эл аралык келишимдерден келип чыккан укук жана жоопкерчиликтеринин алкагында аткарганын, бул кыймыл менен Түркиянын аралдагы кайгы капаларды соңуна чыгарганын жана экинчи кайталанбоосун кепилдикке  алганын баса белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Түркия 2050-жылы дүйнөнү башкара турган экономикалардын арасында» аттуу маалыматында эл аралык көз карандысыз аудит фирмасы PwC тарабынан даярдалган отчетто өлкөлөрдүн сатып алуу күчү паритетинин базасында өлкө ичи дүң продукциялар үчүн 2050-жылдын божомолдору жасалганын жазган. 32 мамлекеттин дүйнөлүк экономиканы башкара турганы баса белгиленди. Отчетко караганда Түркия маанилүү секирик жасады жана өнүгүп бара жаткан экономикалардын арасында эң көп көңүл бурган өсүү жана экономикалык көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкөлөрдөн бири абалына жогорулады. Калктагы жана улуттук кирешедеги тынымсыз өсүү менен бирге PwC божомолдору Түркияны 11 орунга койду.

«Хүррийет» гезити «Түрк банктарынын ийгилиги Европадан дагы жакшы» деген маалыматында эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеменин Standard and Poor’s (S&P) глобалдык рейтингдер боюнча директорунун орун басары Магар Куюмжяндын, «Түрк банктарынын кирешелүүлүгүнүн Европадагы өзүнө окшошторуна салыштырганда процессуалдык финансылык түзүлүштөрү, башкарылгыдай насыя чыгымдары, бекем пайыз маргиналдуулуктары, айлык жана кошумча кирешелери менен дагы оң болгонун айтканын баяндаган. Андан да башкасы Түрк банктарынын ийгилигинин жана капитал сапатынын окшошторуна салыштырганда көп убактан бери ырааттуу болгонун белгилеген Магар Куюмжяндын түрк лирасы да валюта курсуна карата ушул убакка дейре жакшы туруштук берди» деген маалыматты берди.

 

 

 



Тектеш кабарлар